Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (ХХIХ-чакырылышынын) кезексиз XXII- сессиясы
2020-жылдын 23-марты №1
Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен таажывирустун (короновирус) алдын алуу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен таажывирустун (короновирус) алдын алуу боюнча материалдарды сатып алууга АУПтун имараттар жана курулмалар (3111) беренесиндеги долбоорлорго өздҮк салым катары бөлҮнгөн каражаттарынын эсебинен 500,0 мин сом (2215) Ар кандай чыгымдар беренесине которулуп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтунүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З.Ү. Бозбалаев |