Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН чечими
Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга милдеттендирүүчү бөлүгүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Ч Е Ч И М И
2021-жылдын 19-февралы Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап – Таштемир уулу Эркиндин, анын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Исламбек Ажыгулович Каргабаевдин, Чолпон Замирбековна Джумабаеванын, Марат Курманбекович Карыповдун;
жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Венера Шаршеналиевна Бектурованын, Гульмира Орозбаевна Шавралиеванын, Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Батырбек Насырович Давлесовдун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүгүнүн Борборунун ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бакыт Абдыраевдин, Элдар Майрамбекович Токторовдун; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Назгуль Рысбековна Мулкубатованын, Ильяр Акбарович Иманходжаевдин, Эмир Балтабаевич Тайлаковдун катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга милдеттендирүүчү бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Таштемир уулу Эркиндин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга милдеттендирүүчү бөлүгүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 4-январында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 1-бөлүгүндө, 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда баяндалган «кыйыр түрдө ээлик кылуу» деген ченемдик жобосун, ошондой эле 6-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 105-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө Таштемир уулу Эркиндин өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
Э. Таштемир уулу Кыргыз Республикасынын Конституциясында Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган деп эсептейт. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык банктык мыйзамдар банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-насыя жана валюта саясаттарын жүргүзүү, төлөм тутумунун иш-чөйрөсүндөгү мамилелерди (банктык укуктук мамилелерди), ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын 17-беренеси менен Улуттук банктын функциялары менен ыйгарым укуктары, тактап айтканда анын Кыргыз Республикасынын банк тутумун, анын ичинде Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укугу аныкталган.
Ошону менен бирге, арыздануучу белгилегендей, аталган Мыйзамда банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болбогон жана Улуттук банктын көзөмөлүндө болбогон укук субъектилеринин укуктук мамилелерин, укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчилигин жөнгө салган ченемдер да камтылган. Анын пикири боюнча, ушул ченемдер Конституциянын 105-беренеси менен аныкталган Улуттук банктын ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтип, аны менен Улуттук банкка банк тутумуна кирбеген жарандардын жана юридикалык жактардын ишине көзөмөл жүргүзүүгө жол берет.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкты, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык банктын капиталында чектүү катышуу – бул жеке өзү же башка жактар менен биргелешип: банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп, жыйырма жана андан көп, отуз үч жана андан көп, элүү жана андан көп, алтымыш жети жана андан көп пайызына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу (чектер). Аталган Мыйзамдын 85-беренесинин 5-бөлүгү менен контроль – бул жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргелешип: акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын элүү пайызынан ашыгына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же; юридикалык жактын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн эң аз дегенде жарымын шайлоо мүмкүнчүлүгү, же; юридикалык жактын капиталына катышуудан көз карандысыз, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына тикелей же кыйыр түрдө аныктоочу таасир этүү мүмкүнчүлүгү деп аныкталган.
Арыздануучу аталган Мыйзамдын 85-беренесинин 6-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу «кыйыр түрдө ээлик кылуу» деген банктын башкаруу органдарынын же банктын бир топ катышуучуларынын, же банкка көзөмөл жүргүзгөн жактардын, же банк тобунун катышуучуларынын чечимдерди кабыл алууга үчүнчү жактар аркылуу олуттуу таасир тийгизүү мүмкүндүгү катары түшүндүрмө берген деген тыянакка келет.
Ошон үчүн, Э. Таштемир уулунун пикири боюнча, «кыйыр түрдө ээлик кылуу» түшүнүгүнө Улуттук банктын көзөмөлүндө болбогон кандай гана юридикалык жак болбосун анын үлүштөрүнө же акцияларына ээ болгон жарандар жана юридикалык жактар, эгер юридикалык жак кайсы бир коммерциялык банктын 10 же андан ашуун пайыздарга ээ болсо, туура келет. Ошол эле учурда ушул жарандар жана юридикалык жактар, эгер Улуттук банк уруксат бербесе, ушул юридикалык жактын үлүштөрүн жана акцияларын сатууга укуктуу эмес.
Арыздануучу Улуттук банктын көзөмөлүндө болбогон ар кандай юридикалык жак, эгер ал коммерциялык банктын 10 же андан ашуун акцияларына ээ болсо, анын үлүштөрүн же акцияларын сатып алууга ниети бар жарандар жана юридикалык жактар да өңчөй акыбалда деп эсептейт. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү. Ал эми иштеп жаткан банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга уруксат алуу тартиби аталган Мыйзамдын 86-беренесинде бекитилген.
Кайрылуу субъектиси «кыйыр түрдө ээлик кылуу» түшүнүгү Улуттук банкка Улуттук банктын көзөмөлүндө болбогон бардык жарандарга жана юридикалык жактарга көзөмөл жана контроль жүргүзүүгө жол берет, аны менен ар кандай иш-аракеттерди жана ишмердикти жүргүзүүгө, өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө, экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга болгон Конституция менен кепилденген жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын бузат деп болжойт (18-берене, 42-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү).
Э. Таштемир уулу көрсөткөндөй, 2018-жылдын 12-ноябрында ал «А Плюс» камсыздандыруучу компаниясы» жабык акционердик коомунун (андан ары - «А Плюс» камсыздандыруучу компаниясы» ЖАК) 100 пайызын сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Арыздануучу ушул коомдун иши, коом камсыздандыруучу ишти жүргүзүүгө лицензиясы болгондуктан «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат деп белгилейт. Э. Таштемир уулу «А Плюс» камсыздандыруучу компаниясы» ЖАК «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун акцияларына ээ болгонунан кабардар болуучу, бирок, анын пикири боюнча камсыздандыруучу компаниялар Улуттук банктын көзөмөлүндө болбогондон кийин көрсөтүлгөн акцияларды сатып алуу Улуттук банк менен макулдашылбаш керек болуучу.
Ошентип, «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Мыйзамдын 26-статьясынын 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл жана камсыздандыруу ишинин маселелерин жөнгө салуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошону менен бирге, «А Плюс» камсыздаруу компаниясы» ЖАКтын арыздануучу сатып алган акциялары Улуттук банктын талабы боюнча депонирленип, көрсөтүлгөн акцияларды сатып алууга Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн келишимди макулдашуу процедурасы башталган.
Арыздануучу көрсөтүлгөн коомдун акцияларын сатып алууга уруксат алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер талап кылынгандан кийин, Улуттук банк акцияларды баштапкы сатып алуу анын уруксатысыз жүргүзүлгөн деген негиз менен андай уруксат берүүдөн баш тарткан.
Э. Таштемир уулу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине, 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес деп белгилейт.
Арыздануучу инвестициялоо Улуттук банктын уруксат берүүсүнөн кийин гана мүмкүн болушу, талашылып жаткан жобону нагыз иште колдонуу ал инвесторлордун ишин «мыйзамдуу тосмолоого» алып келет, аны менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирилет деп болжойт. «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасы инвестицияларга жана инвесторлорго белгилүү кепилдиктерди берет жана коргойт, экономикалык ишке кийлигишүүдөн карманат. Укуктук мамлекеттин бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген адилеттүүлүк жана теңдик конституциялык принциптеринен келип чыкканда, укуктук ченемдин аныктыгынын, айкындыгынын, кош маанилүү эместигинин жана колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутуму менен шайкештиктин мыйзам чыгаруучулук талаптары келип чыгат. Кабыл алынып жаткан мыйзамдар мазмуну боюнча да, предмети жана таасир этүү көлөмү боюнча да анык, ал эми укуктук ченемдер – жаран же юридикалык жакка ал өзүнүн тыюу салынган да, уруксат берилген да жүрүм-турумун тууралайала турган жетиштүү деңгээлде так берилиши керек. Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча бул учурда талашылып жаткан ченемдик жобо жана ченемдин өзү дагы жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербейт.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдик жобону, ошондой эле талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2021-жылдын 15-январындагы аныктамасы менен бул өтүнүч талашылып жаткан ченемдик жобону жана талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 105-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган.
2021-жылдын 28-январында ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы сот отурумуна даярдоонун жүрүшүндө Э. Таштемир уулунун кызыкчылыгын көздөгөн Ч.З. Джумабаевадан, М.К. Карыповдон өздөрүнүн талаптарын тактаган кошумча өтүнүч келип түшкөн жана анда алар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп пайызына кыйыр түрдө ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттендирүүчү бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерип берүүнү суранышкан.
2021-жылдын 8-февралында Э. Таштемир уулунун кызыкчылыгын көздөгөн И.А. Каргабаев өздөрүнүн талаптарынын көлөмү көбөйткөн кошумча өтүнүчү менен кайра кайрылган жана Улуттук банктын уруксатысыз банктын капиталында чектүү катышууну сатып алган учурда, андай бүтүм алдын ала жараксыз болуп саналаарын караган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранган. Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талаптар менен сотко кайрылууга укуктуу.
Арыздануучу банктык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдар банктын акцияларын ээлик кылууга ниеттенген жактар үчүн жана кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп пайызына кыйыр түрдө ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга ниеттенген үчүнчү жактарга (кыйыр түрдө ээлик кылгандарга) карата окшош милдеттенмелерди жана талаптарды орнотууга тийиштүү эмес деп эсептейт.
Ошондой эле, кайрылуу субъектиси «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды беришкен, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар банктын уюштуруучулары боло алышпайт деп белгилейт.
И.А. Каргабаевдин пикири боюнча көрсөтүлгөн талап банктын капиталында анын акцияларын түздөн-түз ээлик кылуу жолу менен чектүү катышууну сатып алууга ниеттенген адамдарды же юридикалык жактарды эмитен эле Улуттук банктан алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатты алууга милдеттендирет.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 79-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык банктын уюштуруучуларына орнотулган чектөө банктын акционерлерине да жайылтылат. Ушул Мыйзамдын 79-беренесинин 4-бөлүгү менен ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактар жана жеке адамдар менен банктын акцияларын сатып алууга байланыштуу бүтүмдөр арзыбаган болуп саналат деп караштырылган.
Ушуга байланыштуу, И.А. Каргабаев жогоруда көрсөтүлгөн субъектилер үчүн Улуттук банктын алдын ала уруксатын алууга милдеттендирген жогоруда аталган ченемдердин болуусу жана бүтүмдү жараксыз деп таануу сыяктуу укуктук кесепеттердин келип чыгуусу каралып жаткан Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү ашыкча укуктук ченем болуп саналат.
Э. Таштемир уулунун өкүлүнүн пикири боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү менен караштырылган укуктук кесепеттердин келип чыгуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген кепилдиктерди бузат, ага ылайык менчик кол тийгис жана эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.
Арыздануучунун өкүлдөрү соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну суранышты.
Жоопкер-тараптын өкүлү В.Ш. Бектурова арыздануучулардын өтүнүчүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтыруу зарыл деп эсептейт.
Өлкөнүн экономикалык коопсуздугу улуттук коопсуздуктун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын банк тутуму экономиканын маанилүү тармактарынын бири, жалпысынан анын туруктуулугу өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун жана мамлекеттин улуттук коопсуздугунун факторлорунун бири болуп саналат.
Жоопкер-тараптын өкүлү көрсөткөндөй, калктын акчалай каражатынын көбү коммерциялык банктарда топтолгон, ал каражаттар банктын өздүк каражаттарынан кыйла көп болушу мүмкүн, натыйжада банк мыйзамдары аманатчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, т.а. адамдын жана жарандын акча каражаттарын сактоого багытталган.
В.Ш. Бектурова Конституциянын 109-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын, анын ичинде Улуттук банктын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат деп белгиледи. Мыйзам чыгаруучу экономиканын маанилүү тармактарынын бири катары банктык ишти белгилөө менен, Конституциянын жоболорун жүзөгө ашыруу максатында банктын акцияларын жана анын башкы компанияларынын катышуу үлүштөрүн сатып алуунун өзгөчө тартибин орноткон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү банктык иш мамлекеттин чегинен чыгуучу, мында Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети иштеп чыккан эл аралык стандарттарда Акчалардын изин жашыруу менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу тобу тарабынан (андан ары - ФАТФ) банк ишине талаптар мамлекеттин деңгээлинде коюлат деп белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 20-беренеси менен Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык, анын ичинде банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин стандарттарын эске алат деп караштырылган.
Ушуга байланыштуу, В.Ш. Бектурова белгилегендей, талашылып жаткан ченемдер натыйжалуу банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин негиз салуучу принциптерине ылайык кабыл алынган деп белгилейт. Ошентип, аталган принциптерге ылайык көзөмөл органы кандай гана сунуш болбосун аны кайра кароого, андан баш тартууга жана ага пруденциалдык шарттарды салууга, иштеп жаткан банктарда түздөн-түз же кыйыр түрдө олуттуу менчикти же жүргүзүлүп жаткан акциялардын контролдук пакетин башка жактарга берүүгө; белгиленген критерийлерге каршы банктын негизги сатып алууларын же инвестицияларын, анын ичинде мамлекеттин чегинен тышкары операциялардын жүргүзүлүшүн жактырууга же андан баш тартууга, ага пруденциалдык шарттарды салууга, корпоративдик байланыштар же түзүмдөр банкты ашкере тобокелчиликтерге түртпөгөндүгүн, ал натыйжалуу көзөмөлдү жүргүзүүгө тоскоолдук туудурбагандыгын аныктоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин 24-принцибине ылайык банк көзөмөлүнүн элементи болуп көзөмөл органдары банк тобуна биргелешкен негизде көзөмөлдү жүргүзөт, туура иликтейт жана тиешелүү учурларда топ тарабынан эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан бизнестин бардык аспектилерине пруденциалдык ченемдерди колдонот деп дагы белгилеген.
В.Ш. Бектурова 2014-жылдын январь айында жогоруда көрсөтүлгөн Комитет банктар тобокелчиликтерди башкаруунун өзүнүн жалпы тутумуна акчаны изин жашырууга жана терроризмди каржылоого байланыштуу тобокелчиликтерди башкаруу маселелерин кантип киргизүү керек экендигин сыпаттаган бир катар сунуштарды (анын ичинде банктын акцияларына ак ниет ээлик кылууга көзөмөлдөө органынын контролун) камтыган «Акчаны изин жашырууга жана терроризмди каржылоого байланыштуу тобокелчиликтерди рационалдуу башкаруу» жетекчиликти жарыялаганын маалымдады.
«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгү менен көрсөтүлгөн Мыйзамдын максаты адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат. Аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү маселелери боюнча текшерүүчү органдардын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери) өз компетенцияларынын чегинде Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Жогоруда аталган ченемдердин негизинде, В.Ш. Бектурова банктардын капиталында чектүү катышууну, анын ичинде акцияларга кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен сатып алууга Улуттук банктын уруксатын алуу процедурасы мыйзамсыз жол менен табылган каражаттарды кыйыр түрдө ээлик кылуучулардын акцияларынын акчалай каражаттарынын келип чыгуу булактарын дагы текшерүүнү болжойт. Бул талаптарды алып салуу банк секторуна күмөн капиталдын агылып келишине алып келет, ал банктын беделине терс таасирин тийгизип, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары үчүн терс кесепеттерге алып келет, натыйжада банктардын дүйнөлүк банк рыногуна жуурулушуусуна кошумча кыйынчылыктарды жаратат.
Ошондой эле В.Ш. Бектурова бул факт ФАТФ, БУУ Коопсуздук кеңеши тарабынан чектөөлөрдүн салынышына алып келиши мүмкүн, аны менен Кыргыз Республикасынын төлөм тутумдарынын ишин татаалдаштырышы мүмкүн жана башка өлкөлөр менен экономикалык байланыштарды үзөт деп белгиледи.
Жоопкер-тараптын өкүлү өзүнүн сөзүнүн корутундусунда текшерүүнү жүргүзүү жана банктардын акцияларынын менчик ээлери/кыйыр түрдө ээлери болгон жактардын макулдукту алуусу ЕАЭБ өлкөлөрүнө мүчө болгон мамлекеттердин мыйзамдарындакеңири колдонулат. ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери банктын капиталында чектүү катышууну, анын ичинде банктын акцияларына кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен сатып алуу банк секторуна көзөмөл органынын тийиштүү уруксатын алгандан кийин гана жүзөгө ашырылуусун мыйзам чыгаруу деңгээлинде орнотот.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү туурасында В.Ш. Бектурова талашылып жаткан ченем дагы кийинкидей негиздер боюнча Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 183-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бүтүм ушул Кодекс тарабынан, соттун ушундай таанышынын айынан (талашып алуучу бүтүм) же мындай таанууга карабастан (арзыбаган бүтүм), белгиленген негиздер боюнча жараксыз. Мында көрсөтүлгөн Кодекстин 185-беренесине ылайык мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген бүтүм, эгерде мыйзам мындай бүтүм талашып алуучу экенин белгилебесе же мыйзамды бузуунун башка кесепеттерин карабаса, ал эч нерсеге татыбас бүтүм.
Тийиштүү мыйзамдын талаптарын/жоболорун сактабаганда бүтүмдү жараксыз деп таануу принциби боюнча каралып жаткан Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүнө окшош ченемдик жоболор «Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» (14-берене), «Күрөө жөнүндө» (37-берене), «Жер казынасы жөнүндө» (38-берене), «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» (7-берене) мыйзамдарда да келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка өкүлдөрү Г.О. Шавралиева, Т.Ы. Ырысбеков В.Ш. Бектурованын жүйөлөрүн колдошкон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Б.Н. Давлесов талашылып жаткан ченемдер кийинкидей негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.Б.Н. Давлесов Улуттук банктын көзөмөл функцияларын аткаруусу узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн өлкөнүн банк тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган деп белгилейт. Өз кезегинде, банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу финансы-насыя тутумуна элдин ишенимин кармап туруунун жана арттыруунун негизги шарты болуп саналат, ал өлкөнүн ички ресурстарын көтөрүүгө көмөк болот жана экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө дем берет.
Анын пикири боюнча, банктын капиталында чектүү катышууга ээлик кылууну же башкарууну, анын ичинде кыйыр түрдө ээлик кылууну ниет кылган жактар банктын стабилдүүлүгүн коркунучка салбаш керек жана банк аманатчылар алдында өз милдеттерин аткарбоого алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарды жаратпаш керек, бул жарандардын (аманатчылардын) укуктарынын бузулушуна жана калктын банк секторуна болгон ишениминин төмөндөөсүнө алып келет.
Б.Н. Давлесов Конституция адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүн деп белгилейт. Анын пикири боюнча мыйзам чыгаруучу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85 жана 86-беренелеринде «кыйыр түрдө ээлик кылуу» деген түшүнүктү киргизүүгө байланыштуу чектөөчү ченемдерди орнотуу менен өзүнө экономикалык коопсуздукту, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону кошкондо улуттук коопсуздукту коргоо максаттарын көздөгөн. Банк тутумун башкаруу боюнча мамилелер чөйрөсү анда коомдук жана жеке кызыкчылыктар чагылдырылып турганы менен өзгөчөлүү. Ал экономикалык ишти эркиндиктин менчик укук субъектилеринин жүргүзүүсү аркылуу рынокто банк кызматтарынын ак ниеттүү атаандаштыгын бир эле мезгилде колдоп туруу жана кредиторлор (аманатчылардын) менен мамлекеттин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле банк тутумунун бүтүндөй туруктуулугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен көрсөтүлөт.
Б.Н. Давлесовдун пикири боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 85-беренесинин 6-бөлүгү менен белгиленген «кыйыр түрдө ээлик кылуу» түшүнүгү ачык баяндалган эмес, аны менен «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени ага ылайык колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек жана ошон үчүн тийиштүү кошумча иштеп чыгууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева бул маселе боюнча төмөнкүнү белгилейт.
Конституция кандай гана экономикалык иш болбосун өзүңдүн мүлкүңдү пайдаланууда тандоо эркиндигин кепилдейт. Жарандар ушул конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон ыкмалардын катарына менчиктин ар кандай формасында турган мүлктү сатып алуу жана кандай гана экономикалык иштин чөйрөсү болбосун ал мүлктү пайдалануу, ошондой эле эркин тандалып алынган чөйрөдө жүзөгө ашырылуучу өз алдынча экономикалык иш дагы кирет.
А.М. Курманбаева көрсөткөндөй, жарандар жогоруда көрсөтүлгөн укуктардын жана эркиндиктердин ишке ашырылуусунун ар кандай варианттарын тандоо менен экономикалык иштин белгилүү чөйрөсүн жөнгө салып жаткан тиешелүү мыйзамда орнотулган юридикалык кесепеттер менен макул болушат.
А.М. Курманбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 29-октябрындагы жана 2014-жылдын 14-майындагы чечимдеринде конституциялык орнотмолордун көз карашынан алганда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берүү маселелери боюнча баяндалган укуктук көз караштарын келдирди, алардын маңызы акыры келип коомдук кызыкчылыктарды коргоого такалат. Анын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдерде пайыздарга кыйыр түрдө ээлик кылуучулар үчүн Улуттук банктын уруксатын алуу шарты жана тартиби бир жагы экономикалык коопсуздук болуп саналган улуттук коопсуздукту коргоо зарылдыгын камсыз кылган бөлүктө туура болуп саналат. Мында банк тутуму экономиканын маанилүү тармактарынын бир экендигин эске алуу менен, анын туруктуулугу өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун белгилеринин бири болуп саналаарын эске алып, А.М. Курманбаева талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген тыянакка келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү Н.Р. Мулкубатова, И.А. Иманходжаев, Э.Б. Тайлаков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн аргументтерине окшош жүйөлөрдү келтиришти. Ошону менен катар, Н. Р. Мулкубатова төмөнкүнү белгиледи.
Банктарга калктын акчалай каражатын ачык келишим механизми аркылуу банктын эсептерине депозит жана аманат түрүндө тартууга уруксат берилгендигине байланыштуу, банктардын бул статусу алардын ишине көзөмөлдүн өзгөчө механизмин болжойт, анткени алардын иши өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.
Инвестор Улуттук банктан тийиштүү лицензияны алып, банк капиталына чоңдуктагы каражаттарды киргизүү менен банктын капиталына салынгандан он эсе ашык суммадагы каражаттарды калктан тартуу укугун алат.
Мына ушундан улам, көрсөтүлгөн жагдайлар мамлекетти банктык көзөмөл түрүндө кошумча мониторингдин өзгөчө механизмин түзүүгө жана ага ээ болууга мажбур кылат, аны Улуттук банк жүргүзөт.
Андан тышкары, ар бир банктын корпоративдик башкаруусунун натыйжалуу тутумуна, банк ишин ички контролдоонун шайкеш тутумуна жана акылдуу уюштурууга ээ болушу керек. Банктын ишине олуттуу таасирди анын ишин контролдоочу акционерлер жасайт.
ЕАЭБдин концептуалдык документтери менен 2025-жылга карата финансы рыногун жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды шайкештикке келтирүү пландаштырылууда. ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттер дагы ээрчип келген эл аралык стандарттар менен белгиленген натыйжалуу банк көзөмөлүнүн негиз салуучу принциптеринен чегинүү Кыргыз Республикасы үчүн ЕАЭБке жуурулушуусуна жеңилгис кыйынчылыктарды жаратат.
ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык тараптар банк жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө жана баалуу кагаздардын рыногунда жалпы финансы рыногун түзүү милдеттенмесин өзүнө алышкан. Мындай негизги документтердин бири болуп ЕАЭБдин жалпы финансы рыногун калыптандыруу Концепциясы саналат. Бул Концепция негизинен ЕАЭБдин бул чөйрөдөгү ченемдик базасын түзүү үчүн өзөк болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу Улуттук банкка банктардын капиталында чектүү катышууну сатып алууга санкциялоо боюнча ыйгарым укуктарын атайын жана толук негиздүү жүктөгөн.
Банктардын ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөл жүргүзүү боюнча мыйзамдар чөйрөсүндө Базель комитетинин принциптери жалпыга таанылгандыгынэске алганда, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таануу жөнгө салуучулук арбитраждын пайда болуусуна алып келет, бул ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин жана жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын алкагында кабыл алынган финансы чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкештикке келтирүү боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан алынган милдеттенмелерди толук деңгээлде аткарууга жол бербейт, ал өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын кадыр-баркына терс таасирин тийгизет, ошондой эле ак ниет эмес жактар үчүн өлкөнүн коммерциялык банктарынын үстүнөн контролду алуу үчүн бир катар укуктук мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Көрсөтүлгөндөрдүн кесепети болуп банк тутумунун беделине жана мамлекеттин экономикасына, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата кабыл алынган эл аралык деңгээлдеги чаралардын жана санкциялардын эсебинен орду толгус зыян келтирүү болот.
Андан тышкары, коюлуучу талаптарга ылайык келбөө ата мекендик банктардын ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттердин рыногуна чыгуу мүмкүндүгүнө таасирин тийгизет жана өлкөнүн банктарынын атаандаштык мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Улуттук банктын өкүлү каралып жаткан Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлүнүн аргументтерине окшош жүйөлөрдү келтирди. Ошону менен катар, Н.Р. Мулкубатова Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы маселелерин жөнгө салуучу ченемдери, ошол эле учурда шилтеме болуп саналат, анткени бүтүмдөрдүн арзыбагандыгы, анын ичинде кайсыл бир мыйзамдын жоболорун бузган учурлар мыйзамдар менен белгилениши жана аныкталышы да мүмкүн деп көрсөтөт.
Банк тутумун жөнгө салуучу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдары Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун окшош регламентациясын камтыйт, ага ылайык банк тутумуна көзөмөл жасаган органдын алдын ала макулдугусуз чектүү катышууну сатып алуу бүтүмү жарамсыз болуп саналат.
Н.Р. Мулкубатова ушул ченемдин мазмуну Улуттук банктын макулдугусуз Кыргыз Республикасынын банктарынын капиталында чектүү катышууну акцияларды сатып алуу-сатуужөнүндө келишимге, аны - мындай түрдөгү бүтүмдү ыкчам талашууну мүмкүн эмес кылган ар түрдүү ченемдерди, аны ичинде третей (бейтарап) эскертмесин ж.б. кошуп (Э.Таштемир уулу түзгөн келишими сыяктуу), сатып ала турган ниети таза эмес жактар тарабынан мүмкүн болуучу бузуулардын алдын алууга багытталган деп белгилеген. Ниети таза эмес контролдоочу жактар соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү мезгилинде активдерди алып чыгуу боюнча чараларды же банктын финансылык кудуретсиздигине алып баруучу андан келип чыгуучу бардык кесепеттери менен башка мыйзамсыз иштер менен алектениши мүмкүн. Өлкөнүн колдонуудагы процесстик мыйзамдарын эске алганда соттук териштирүүлөр жылдап созулушу мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Э.М. Токторов төмөнкүнү белгиледи.
Анын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери менен кепилденгенгендей жарандар жана юридикалык жактар өзүнүн экономикалык эркиндигине, ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн эркин колдонуугаболгон укуктарын жүзөгө ашырууда татаалдыктар жок эмес (42-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү).
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85 жана 86-беренелеринде баяндалган банктын добуш берүүчү акцияларынын пайыздарына ээлик кылуу үчүн Улуттук банктын уруксатын алуу шарты жана тартиби орундуу жана негиздүү болуп саналат, бирок талашылып жаткан ченемдердин колдонулушу ар кимдин эркин экономикалык ишине болгон укугун жүзөгө ашырууда олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн.
Андан тышкары, талашылып жаткан ченемдер инвесторлорду тартууга тоскоолдук жаратат, бул жарандын же юридикалык жактын менчик укугун жүзөгө ашыруу процессинде коомдук кызыкчылыктарга зыян тийгизет.
Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүгүнүн борборунун өкүлү талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, ошондой эле ушул Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү саналат:
«85-берене. Банктын капиталына чектүү катышуу
2. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
3. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон жеке өздөрү же башка жактар менен биргелешип, менчиктен ажыратып алуу ыкмасынан көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир этүүчү сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болсун бүтүм жасалганга чейин, ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.
86-берене. Иштеп жаткан банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу тартиби
9. Эгерде банктын капиталына чектүү катышууга Улуттук банктын уруксатысыз жол берилген болсо, мындай бүтүм жараксыз болуп саналат жана алар боюнча ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.
Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.».
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзам менен колдонууга киргизилген, «Эркин Тоо» гезитинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 номурларында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менчик укукту өзгөчө баалуулукка ээ болгон адамдын пайдубал укуктарынын бири катары тааныйт, аны натыйжалуу коргоону камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыкка ээ болгон милдеттеринин катарына кириши керек. Жеке менчикти ээлик кылуу, пайдалануу жана аны көбөйтүү мүмкүндүгү базар экономикасынын маанилүү кыймылдаткыч күчү болуп саналат, анткени азыркы дүйнөдө мамлекеттин жашоо турмушу жеке менчиксиз мүмкүн эмес. Жеке менчик жалпысынан мамлекеттин саясий түзүмүнө жана экономикалык үлгүсүнө карабастан өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн өзөктүү факторлорунун бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу кандай гана мамлекет болбосун анын экономикалык жашоо турмушу конституциялык-укуктук жөнгө салуунун бөлүгүнө сөзсүз айланат. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы экономикалык түзүмдүн негиздерин түзгөн базар экономикасынын конституциялык-укуктук принциптерин салган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ, ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу деп кепилдик берет (42-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Көрсөтүлгөн конституциялык кепилдемелер ар бир индивиддин субъективдүү укуктарын гана көрсөтпөстөн, өлкөдө экономикалык эркиндикти жүзөгө ашыруу үчүн да негиз болуп берет.
Жогоруда аталган конституциялык жоболор ашыкча мамлекеттик протекционизмди алып салууну жана ишкерчилик менен базар экономикасынын эркиндик принциптерин жар салууну болжойт. Индивиддердин эркин билдирүүсү ашыкча мамлекеттин кийлигишүүсү болбогондо гана базар экономикасынын иштөөсүнүн оптималдуу режимин түзүүгө жөндөмдүү, ал жерде мамлекетке тартипти сактоо жана жеке менчикти коргоо үчүн «түнкү кароолчу» ролу берилет. Аны менен, эркин экономикалык иштин табигый түзүлүшү (экономикалык либерализм), барынан мурда, мамлекеттин кийлигишүүсү болбогон эркин экономикага таянат.
Жеке менчик укугу экономикалык ресурстардын ээлерине аларды кантип пайдалануу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүндүгүн берет. Жеке менчиктин негизинде ишкерчилик эркиндиги жана тандоо эркиндиги ишке ашат. Ишкерчилик эркиндиги менчик ээси жеке кызыкчылыктарынан келип чыккандайэкономикалык ресурстарды сатып алууга, ал ресурстардан өзүнүн тандоосу боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү процессин уюштурууга жана алардыбазарларда сатууга укуктуу экендигин билдирет. Тандоо эркиндиги материалдык ресурстардын жана акчалай капиталдын ээлери ушул ресурстарды өз ыктыяры боюнча пайдалана алууну же ишке ашырууну болжойт. Тандоо эркиндигинин негизинде жеке кызыкчылык жатат. Ар бир экономикалык бирдик өзүнө пайда алып келген ишти жасоого жөндөмдүү.
3. Ошону менен катар базар, ишкерчилик жана жеке демилге эркиндигин таанууну жалпы кабыл алынган ченемдерден жана эрежелерден толук көз карандысыздык катары кароого болбойт. Экономика демократиялык бийликке баш ийүүсү керек. Мамлекет тарабынан укуктук кайтаруу иши, баарынан мурда экономикалык мамиледегисубъекттердин өз алдынчалуулугун жана алардын ортосунда тең укуктуулукту камсыз кылуу, туура атаандыштыкты колдоо үчүн зарыл. Анын менен бирге улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болуп саналган финансылык коопсуздукту коргоо үчүн мамлекет калыс жана натыйжалуу укук коргоочулук механизмдерди түзүү менен өлкөнүн улуттук коопсуздугуна да кам көрүшү керек.
Кандай гана мамлекет болбосун анын финансылык коопсуздугу финансылык чөйрөнүн өнүгүшүн, ошондой эле экономикадагы процесстерди камсыздоодо турат, мында өлкөнүн социалдык-экономикалык жана финансылык туруктуулукту өнүктүрүү үчүн, акча, бюджеттик, кредиттик, салык жана валюта саясатын кошкондо, финансылык системанын бүтүндүгүн жана бирдиктүүлүктү сактоо, финансылык чөйрөдөгү ички жана тышкы коркунучтарды ийгиликтүү жеңүү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
Өлкөнүн финансылык коопсуздугунун маанилүү түзүүчүсү болуп, аң алды менен аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого жана ошондой эле өлкөнүн финансы-банк системасына болгон ишенимди кармап турууга багытталган банк тутумунун туруктуулугуна таасирдүү көзөмөл жүргүзүү эсептелет. Банктык көзөмөлдөөнүн таасирдүүлүгүнөн банктар менен банк системасынын финансылык коопсуздугу эле эмес, улуттук коопсуздугу да көз каранды болот (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 29-октябрындагы чечими).
Өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылууга дайындалган мындай институттардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саналат (андан ары – Улуттук банк), анын башкы иши өлкөнүн акча-насыя жана банк саясатынын чөйрөсүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
Улуттук банктын өзгөчөлүү укуктук статусу өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган ал тарабынан аткарылып жаткан функциялардын мүнөзү менен шартталган. Ушуну менен Улуттук банктын конституциялык-укуктук статусу бийлик бутагынын бир да түзүмүнө кирбеген көз карандысыз мамлекеттик орган катары түшүндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 29-октябрындагы анын Чечиминде чагылдырылган укуктук көз карашына ылайык мыйзам чыгаруучу банк көзөмөлдөө милдетин банктардын– акча каражаттарын топтоого, анын ичинде элден аманат (депозит) катары түшкөн жана андан ары аларды өз атынан пайдаланып туруу укугуна ээ адистештирилген мекемелердин өзгөчө статусун эске алуу менен өзгөчө белгилеген. Банктарга элдин акча каражаттарын банктагы эсебине ачык келишим механизми аркылуу депозит жана аманаттар катары тартып чогултууга уруксат берилгендиктен, банктардын мындай статусу алардын ишине көзөмөл жүргүзүүнү өзгөчө механизмин болжойт.
Улуттук банктын көзөмөл функциялары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзам жана Улуттук банктын мыйзам алдындагы актылары менен орнотулган, себеби жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 20-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу. Улуттук банк көзөмөл функциялары менен бирге коммерциялык банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга уруксат берет.
Ошентип, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык банктын капиталына чектүү катышуу - жеке өзү же башка жактар менен биргелешип: банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп, жыйырма жана андан көп, отуз үч жана андан көп, элүү жана андан көп, алтымыш жети жана андан көп пайызына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу (чектер). Мында жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 85-беренесинин 6-бөлүгү менен кыйыр ээлик кылуу деген түшүнүккө - банктын башкаруу органдарынын же анын олуттуу катышуучуларынын же болбосо банкка же банктык топтордун катышуучуларына контролдукту жүзөгө ашырган жактардын чечим кабыл алуусуна үчүнчү жак аркылуу олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү деген аныктама берилген.
Бул банктын капиталындагы чектүү катышууну түздөн-түз же кыйыр түрдө сатып алууга ниеттенген жеке же юридикалык жак бүтүмдү түзүү үчүн Улуттук банктан жазуу жүзүндө алдын ала уруксат алуусу зарыл дегенди билдирет.
Ыйгарым укуктуу органдын мындай функциясы банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин иш чөйрөсүндө кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого (легалдаштыруу) каршы аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу милдети менен шартталган. Улуттук банк менен банктын капиталында чектүү катышууну, анын ичинде кыйыр түрдө ээлик кылуучулар тарабынан сатып алууну макулдашуунун максаты баштапкы стадияларда бузууларды табуу жана мыйзамсыз жол менен алынган каражаттардын пайдаланылышына жол бербөө үчүн кыйыр түрдө ээлик кылуучулардын акчалай каражаттарынын чыгыш булактарын текшерүүдө турат.
Мындай көзөмөлдүн бар болуу зарылдыгы финансылык коопсуздук чөйрөсүндө эл аралык институттар тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү эл аралык стандарттар менен орундатылган.
Ошентип, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 20-беренесине ылайык Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык, анын ичинде банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарын эске алат.
Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин Негизги принциптеринин методологиясынын 4-принцибине ылайык «көзөмөл органы иштеп жаткан банктарга кыйыр же түздөн-түз таандык болгон негизги менчик укуктарын же акциялардын контролдоочу пакетин башка тараптарга берүү боюнча кандай гана сунуштар болбосун, аларды кароого жана кабыл албоого укуктуу».
БУУга мүчө болгон мамлекеттер үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2005-жылдын 29-июлундагы 5244-отурумунда кабыл алынган 1617 (2005)-резолюциясына ылайык ФАТФ рекомендацияларын аткарууга көптөн-көп чакырык камтылат.
ФАТФтын 2012-жылдын 24 жана 25- Рекомендацияларына ылайык өлкөлөр акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо үчүн юридикалык жактардын пайдаланылышына жол бербөө үчүн чараларды кабыл алышы керек. Өлкөлөр компетенттүү органдарды бенефициардык менчик жана юридикалык жактардын контролдоосу жөнүндө жеткиликтүү, так жана өз убагындагы маалымат менен ыкчам камсыз кылып туруусу керек. Өлкөлөр 10 жана 22-рекомендациялар менен белгиленген талаптар жайылтылууга тийиш болгон бенефициардык менчик жана финансылык мекемелер, финансылык эмес ишканалар жана кесиптер (андан ары - ФэИКБ) үчүн белгиленген контролдоо жөнүндө маалыматты алууга жеңилдиктерди берүү боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө маселени кароого тийиш. Өлкөлөр акчаларды адалдоо же терроризмди каржылоо үчүн юридикалык түзүмдөрдүн пайдаланылышын болтурбоо боюнчачараларды кабыл алышы керек. Тактап айтканда, өлкөлөр компетенттүү органдар ыкчам ала турган же алар үчүн жеткиликтүү болгондой ишеним берүүчүлөр, ишенимдүү менчик ээлер жана бенефициарларды кошкондо, тараптардын макулдашуусу боюнча негизделген трасттар жөнүндө жетиштүү, так жана өз убагындагы маалымат менен камсыз кылып туруусу керек. Мында ФАТФтын 27-рекомендациясына ылайык көзөмөл органдары акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча талаптар финансы мекемелер тарабынан сакталышын көзөмөлдөө же мониторинг жана камсыздоо үчүн, инспекцияларды жүргүзүү укугун кошкондо жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керек. Алар талаптардын сакталышынын мониторингу үчүн кандай гана маалымат болбосун берилүүсүн талап кылууга жана мындай талаптардын аткарылбагандыгы үчүн 35-рекомендацияга ылайык санкцияларды салууга ыйгарым укукка ээ болушу керек. Көзөмөл органдары колдонулууга мүмкүн болгон жерден финансылык мекеменин лицензиясын чакыртып алуу, чектөө же токтото туруу жөнүндө ыйгарым укуктарды кошкондо, ар кыл тартиптик жана финансылык санкцияларды салууга ыйгарым укуктарга ээ болушу керек.
Бирок укуктук коргоонун натыйжалуу каражаттары болгондо, күнөөсүздүк презумпциясын жана ар кимдин адилеттүү сотко болгон укугун сактоодо мыйзам чыгаруу жана мыйзам алдындагы деңгээлде да Улуттук банктын көзөмөл функцияларын укуктук жөнгө салуу, экономикалык иштин эркиндик, менчиктин кол тийгистик, кодулоого тыюу салуу чөйрөсүнө акылга сыяр жана жол берилген кийлигишүү принцибинде түзүлүшү керек (Европа биримдигинин 2015-жылдын 20-майындагы № 215/849 көрсөтмөсү).
Ошентип, кандай гана мамлекеттик орган болбосун анын контролдоочу-көзөмөлдөөчү функциялары так чектердин алкагында жүргүзүлүшү керек, алар кандай гана болбосун конституциялык кепилдиктердин маңызын жок кылбашы керек, өзгөчө зарылдык принцибине жооп бериши керек, мыйзамдуу гана максаттарды көздөп, укуктук абалдын бардык тараптарын регламенттөөчү жана укук жаратуу жана укук колдонуу процессинде көзөмөл ыйгарым укуктарын өз ыктыяры боюнча кеңейтүү мүмкүндүгүн алып салуучу так жана туураланган ченемдик көрсөтмөлөр менен курчалышы керек.
5. Талашылып жаткан ченем укуктук жөнгө салуунун так критерийлеринин, айкын жана катуу чектердин жоктугу менен мүнөздөлүүчү, ыйгарым укуктук органга кеңири жана негизсиз ыктыярынаберүүчү совет мезгилинин уруксат берүү системасынын методдору боюнча түзүлгөнүн тануу болбойт.
Тез өзгөрүлмө экономикалык жана социалдык шарттардын шарттарында уруксат берүү система жаатындагы мыйзамдар базасынын кемчиликтери экономиканын андан ары өнүгүүсүндө негизсиз административдик тоскоолдуктарды жаратуу менен жолтоо гана эмес, конституциялык кепилдиктер чөйрөсүнө өлчөмсүз кийлигишүү болууда.
Демек, уруксат берүү системаны мамлекеттик жөнгө салуу максатка башка каражаттар менен жетишүүгө мүмкүн болбогондо максатка ылайыктуулук жана өлчөмдөштүк сыяктуу принциптер менен мамилелердин негизинде дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жүргүзүлүш керек. Мында ченемдик көрсөтмөлөр уруксат берүүнү кароо жана берүү процедурасынын так регламентациясын; кошумча чечмелөөнү жана ой жорууну талап кылбаган квалификациялык талаптардын айкын аныктамасын камтышы керек. Ал эми кайсыл бир талаптарга ылайык келүү даражасын алардын негизинде орнотуучу критериялар , өзүнө так компоненттерди жана өлчөм бирдиктерин камтып, так жана ачык болуусу керек, алар ылайыктуулуктун бирдиктүү шкаласы боюнча баалоого жана акыры, объективдүү күтүлүп жаткан натыйжага алып келүүгө жол берет.
Бул мааниде уруксат берүү системаны мамлекеттик жөнгө салуу мыйзамдын транспаренттүүлүгү (ачыктык) принцибине, жарандар үчүн укуктук көрсөтмөлөр менен тыюу салуулардын аларда бекитилиши толук жетиштүү жана түшүнүктүүлүктү билдирген укуктук аныктык принцибин кыйшаюсуз сакталуусуна негизделиши керек. Ошону менен катар, Баш Мыйзам адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөдө катуу белгиленген эрежелер менен шарттардын сакталышын талап кылат, тактап айтканда: киргизилип жаткан чектөөлөр конституциялык маанилү максаттарга өлчөмдөш болушу керек жана мыйзам формасында гана кабыл алынышы мүмкүн. Чектөөчү чараларды мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен кабыл алууга тыюу салынат (20-берененин 2, 3-бөлүктөрү). Кыргыз Республикасынын Конституциясы укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн принциптерин, максаттарын жана юридикалык формасын белгилөө менен инсандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекет жана анын институттары тарабынан ээн баштыктан коргойт.
Көрсөтүлгөндөр банк көзөмөлүн жана укук жаратуучулукту ведомстволук деңгээлге берилген ыйгарым укуктар көлөмүн жүргүзүү маселелери боюнча Улуттук банктын мыйзам алдындагы актыларынын үлүштүк салмагы мыйзам чыгаруучунун эркин мыйзам алдындагы актылар менен эркин чечмеленишине жол бере албайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укуктар менен эркиндиктердин чектелишине алып келе турган чектен өтүп кетүүгө жол бербегенге чейин катуу чектелиши керек дегенди билдирет.
6. Талашылып жаткан ченемдер, анын ичинде банктын чектүү капиталынын сатып алуучусу болбогон, бирок банктын капиталында чектүү катышуусуна ээ болгон башка жак менен бүтүм жасоого ниеттенген субъектин жарандык-укуктук бүтүмдү түзүүгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдын ала уруксатын алууга милдеттендирет.
Конституциянын мааниси боюнча экономикалык эркиндик, баарынан мурда, ишкерчилик эркиндигин болжойт. Ишкерчилик иштин эркиндиги келишимдин эркиндиги принциби, жалпыга уруксат берүүчүлүк принциби, атаандаштыктын эркиндик принциби жана башка принциптерден турган ишкерчилик иш чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун бир катар салыштырмалуу өз алдынча принциптерди өзүнүн курамына бириктирген конституциялык укуктун универсалдуу (жуурулушкан) принциби келип чыгат.
Келишимдин эркиндиги жарандык мыйзамдардын негиз салуучу принциптеринин бири болуп саналат, анда жарандык карым-катнаштын катышуучулары (жарандар жана юридикалык жактар) келишим түзүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет, түзүлүп жаткан келишимдин түрүн жана контрагентти тандоодо эркин болушат. Албетте, мамлекеттин коргоочулук функцияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүдө ишкерчилик иштин эркиндигин козгой турган чектөөлөр жана белгилүү эрежелер болушу мүмкүн. Бирок жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик кийлигишүүнүн жол берилишинин чектери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экономикалык эркиндик, менчиктин кол тийгистик жана өзүнүн мүлкүн эркин пайдалануу укугун кепилдеген ченемдери менен ажырагыс байланышта болушу керек. Ккуктук мамлекетте коомдук жана жеке кызыкчылыктарды шайкештөө принциби үстөмдүк кылуусу керек.
Жарандык-укуктук бүтүмдү жасоодо Улуттук банк менен алдын алуу макулдашуу милдетин камтыган талашылып жаткан ченем албетте чектөөчү мүнөзгө ээ. Жалпысынан ишкерчилик субъекттери үчүн кандай гана уруксат берүүчү документ болбосун, аны алуу иши өзү түйшүктүү, ошон үчүн Улуттук банктын ушул көзөмөл функциясынын жарандык мамилелер чөйрөсүнө жайылтылышы кайсы даражага чейин мүмкүн болушу маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан Улуттук банкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын ара катышы жана жогоруда аталган конституциялык кепилдиктердин маанилери Улуттук банктын компетенциясынын жарандык карым-катнаштын мүмкүн болуучу жайылтылуу чегин кош маани бербестен аныктайт. Каралып жаткан маселеде, бул механизм талашылып жаткан ченемде көрсөтүлгөндөй эмес, а ишкерчилик субъектиси банктын капиталында чектүү катышуунун кыйыр түрдө ээси болгондон кийин гана иштей алат. Башкача айтканда, банктык укук мамилелеринин субъекттери эмес болгон жактар ортосунда бүтүмдөрдүн шарттарын алдын ала жөнгө салуу эркин экономикалык иш аймагына басфп кирүү болуп саналат.
Ошентип, колдонуудагы укуктук жөнгө салуу Баш Мыйзам менен так көрсөтүлгөн Улуттук банктын компетенциясынын жол берилген чегинен чыгып кеткен.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемде чабалдык бар экендигин негизсиз келтирген жери жок, Улуттук банкка уруксатты берүү тартибин өз алдынча аныктоого ыйгарым укук берилгендиктен, ыйгарым укуктуу орган ведомстволук ченем жаратуучулук жол менен мамлекет тарабынан чектөөчү чараларды киргизүү сыяктуу мындай сезимтал чөйрөгө жол берилгис кеңири ыктыярга ээ болууда.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесинин 4-бөлүгү менен каралгандай иштеп жаткан банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга арызды канааттандыруудан баш тартууга негиздер кыйыр мамилеси бар жактар менен банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга ниеттенген субъекттер үчүн окшош мамилелер жана жоболор менен регламенттелип жатканда, ал акылга сыйымдуулук жана укуктук аныктык принцибине ылайык келбейт, ал эми бул күмөндүүлүк мыйзам алдындагы ченем жаратуучулукка ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзамды өз ыктыяры менен колдонуу мүмкүндүгүнө алып келген бардык учурларда аны дисквалификациялоо үчүн жетиштүү.
Талашылып жаткан ченемден келип чыгуучу өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектерин чечмелөө мүмкүндүгүнөн Улуттук банк чарбачыл субъекттер үчүн эч нерсе менен негизделбеген кошумча түйшүктөрдү киргизе алат. Кайрылуучу тарап бул маселени талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместигинин негизги аргументи катары алып чыккан жана сот отурумунда тараптар ортосунда талаш-тартыштын өзөгү болду.
Демек, көрсөтүлгөн кемчиликтерди эске алуу менен каралып жаткан талап жана мыйзамда тыюу салынбаган кандай гана өзүнүн көндүмдөрүн жана экономикалык иш үчүн өзүнүн мүлкүн эркин пайдалануу экономикалык эркиндикке артыкбаш кол салуу катары бааланбай коюуга мүмкүн эмес жана ал демократиялык, укуктук мамлекет үчүн жол берилгис.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына уруксат берилгенге караганда жарандык карым-катнаш чөйрөсүнө кыйла терең кол салуу аркылуу банк көзөмөлүн жүргүзүү жөнүндө талаптарды камтыган (БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1617 (2005) – резолюциясы (ФАТФ), Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин рекомендациялары) жалпыга таанымал эл аралык стандарттардын бар экендигин эске алат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 5-июлундагы № 49 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы кошулган Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясынын өзүнүн ички укугунун жоболорунун негизинде эл аралык келишимдин аткарбоого жол берилбестиги жөнүндө талаптарын, ошондой эле буша байланшытуу санкциялык мүнөздөгү эл аралык-укуктук кесепеттердин келип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануудан карманат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Чечимдин ушул пунктунда көрсөтүлгөн укуктук жөнгө салуунун кемчиликтерин жоюу үчүн банк иши жөнүндө мыйзамдарга олуттуу түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын өзгөчө белгилейт.
8. Улуттук банктын тийиштүү уруксатын алууга карата талашылып жаткан тартиптин милдеттүү мүнөзү императивдүү талап түрүндө чагылдырылган. Бул талап жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгү менен каралган юридикалык жоопкерчиликтин келип чыгуусу түрүндө мамлекеттик-укуктук мажбурлоо коркунучу менен бекемделген, ага ылайык, эгерде банктын капиталына чектүү катышууга Улуттук банктын уруксатысыз жол берилген болсо, мындай бүтүм жараксыз болуп саналат жана Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Улуттук банк менен макулдашуу процедурасынан өтпөстөн үчүнчү жактар аркылуу болсо дагы бенефициарлардын бүтүм жасоо мүмкүндүгүн алып салууга жөндөмдүү туруктуу мыйзам чыгаруу тосмолор (нотариалдык күбөлөндүрүү, мамлекеттик каттоо) болбогондо, олуттуу мүлктүк чыгымдарга, анын ичинде жарандык карым-катнаштын ак ниет катышуучулары үчүн дагы олуттуу мүлктүк чыгымдарга алып келе турган мындай катаал таасир этүү чаранын колдонулушу укуктук жөнгө салууда кыйшаюу жана адилеттүүлүктүн конституциялык принциптеринин бузулушу, бардык менчик формаларынын менчик ээлеринин укуктары менен кызыкчылыктарынын бирдей корголушун даана бузуу болуп саналат деп эсептейт.
Конституциялык орнотмолордун жалпы маанисинен келип чыккандай, мамлекет ишкерчилик субъекттери менен мамилелерди ак ниеттүүлүк, чынчылдык, кодулабоочулук жана жарандык карым-катнаштын бардык катышуучуларынын тең укуктуулугунун негизинде курууга милдеттүү.
Демек, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесинин 9-бөлүгү менен каралган укуктук кесепеттер ар кимдин менчиктин кол тийгистик, экономикалык эркиндик жана өзүнүн мүлкүн эркин пайдалануу укугу жөнүндө конституциялык кепилдиктерге өлчөмсүз кол салуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет.
Мындай учурларда, бир жагынан, банктын бенефициарларына карата мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылган, экинчи жагынан, мамлекеттин күнөөсү боюнча ишкерчилик субъектилеринин олуттуу мүлктүк чыгымдарына алып келбей турган таасир этүү чараларын гана колдонууга жол берүү мүмкүн. Мисалы, аталган Мыйзамдын 86-беренесинин 11-бөлүгүнүн экинчи абзацында банктын капиталында чектүү катышууну мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүчү жактардын пайдасына мажбурлап ажыратып берүү жөнүндө караштырган чаранын колдонулушу өлчөмдөш болушу мүмкүн.
9. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон жеке өздөрү же башка жактар менен биргелешип, менчиктен ажыратып алуу ыкмасынан көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир этүүчү сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болсун бүтүм жасалганга чейин, ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тийиштүү мамлекеттик органды алдын ала билдирүүнүн маңызы маалымат берүүдө турат деп белгилейт. Билдирүү мүнөзүнүн мааниси кандайдыр бир мамлекеттик органынан тарабынан кандайдыр бир макулдашуу документтерин алууну же уруксат алууну алып салууда турат. Демек, талашылып жаткан жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген укуктар менен эркиндиктердин чектелишин түзүүчү кандайдыр бир милдеттенмелерди жаратпайт.
Ошол эле учурда, алдын ала билдирүү сыяктуу мындай процедура билдирүү тартибинин маанисин өзгөртүүгө жөндөмдүү контролдоо формасына айланбашы керек жана жаңы милдеттенмелердин пайда болушу үчүн шарттарды түзбөш керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын 10 жана андан көп пайызына кыйыр түрдө ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала уруксатын алууга милдеттендирүүчү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине, 20-беренесинин 2, 3-бѳлүктөрүнѳ, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 105-беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесинин 9-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккандарды колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ