Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2021-жылдын 10-марты № 8
Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун, Ниязбек Улукбекович Кочкоровдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу К.А. Дуйшеев, судьялар М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тараптар – Максатбек Мергенбаевич Жорокулов жана Ниязбек Улукбекович Кочкоровдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирбек Уранович Жусубакунов жана Мирбек Исамаматович Арзиевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу ѳкүлү Медер Кенешович Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын 2 Жогорку сотунун ишеним кат боюнча ѳкүлү Эркин Бакбурович Искаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча ѳкүлү Үмүткан Ургазиевна Конкубаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Аида Маратовна Курманбаева, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Эдил Асанович Ашырбековдун катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6- беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
М.М. Жорокулов жана Н.У. Кочкоровдун өтүнүчтѳрү бул ишти кароого себеп болду.
Бул ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин эскертүүсүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп, тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 3-августунда М.М. Жорокуловдун Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары – ЖК) 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5- пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 20- беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 40- беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳ баяндалгандай, ЖКнын 170-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, аталган Кодекстин 244-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, аны ал туруктуу же убактылуу турган жеринен которуп, ал турган жерден айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолуучу, кармап алуу, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине каршы уурдоо, II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ошол эле берененин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; билип туруп жашы жетелекке карата; күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; төлөм алуу, же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында; эки же андан көп адамга карата; этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген; адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарды же ткандарды алуу максатында жасалган ошол эле жосун III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ал эми жогоруда аталган берененин эскертүүсүндѳ уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул 4 берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат деп каралган.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченемди колдонуу кылмышкерди, эгер ал уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошотсо, адам уурдагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотот, кылмыш адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, билип туруп жашы жетелекке карата, күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата, төлөм алуу, же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында, эки же андан көп адамга карата жасалганы сыяктуу оордотуучу жагдайлардын болгонуна карабастан сот тарабынан каралбай калууда. Мунун натыйжасында, кайрылуу субъектинин пикири боюнча, уурдалган адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктары, соттук коргонуу укугу, ошондой эле баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу кепилдиги бузулууда.
Ал эми, Атуулдук жана саясий укуктар жѳнүндѳ Эл аралык пакттын 9- беренесине болгон №35 жалпы тартиптеги түшүндүрмѳсүнѳ ылайык адам эркиндиги - адамдын мажбурланып кармалбаган физикалык эркин аракети. Жеке кол тийбестик - адамдын физикалык жана психикалык абалына зыян кетпегенде же физикалык жана психикалык абалына коркунуч жаралбаган бейпилдик.
Андан тышкары М.М. Жорокулов ѳз кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019- жылдын 11-сентябрындагы, 2020-жылдын 18-мартындагы чечимдеринде баяндалган укуктук кѳз караштарды келтирген.
Аларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимге укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо кепилденет деп жар салган жобо, эң кур дегенде, эки курамдык бѳлүктү ѳзүнѳ камтыйт: биринчиден, мамлекет ар кимдин талабы боюнча соттук териштирүүнү жана мындай териштирүүнүн алкагында талаш-тартышты колдонуудагы мыйзамдарга ылайык маңызы боюнча чечүүнү камсыз кылууга милдеттүү; экинчиден,
соттук коргоо мыйзамдуу укук же кызыкчылык бузулгандан кийин жүзѳгѳ ашырылат, башкача айтканда кепилдик келечектеги укук бузууларды алдын алуу катары эмес, бузулган укукту калыбына келтирүү катары жүзѳгѳ ашырылат.
Соттук коргонуу укугу ѳзүнүн табияты боюнча абсолюттук болуп туруп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттен анын мыйзам чыгаруу ишмердигинде бул кепилдикти сѳзсүз жүзѳгѳ ашырууну талап кылат.
Мындан, М.М. Жорокуловдун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан ар бир адамдын эркиндигине кол салуу болуп уурдалса, уурдаган кылмышкер мыйзамдуу жазасын алышы керек жана ошону менен соттук коргонуу укугу, сот адилеттүүлүгү жүзѳгѳ ашат.
Жогоруда баяндалган жүйѳлѳрдүн негизинде кайрылуу субъекти ЖКнын талашылып жаткан ченемин конституциялуу эмес деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу ѳндүрүшкѳ кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 15-сентябрында Н.У. Кочкоровдун ЖКнын 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5- пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8- пунктуна, 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карамакаршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Н.У. Кочкоров ѳзүнүн талаптарына негиз катары М.М. Жорокуловдун кайрылуусунда келтирилген жүйѳлѳргѳ ѳңчѳй аргументтерди келтирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 14-октябрындагы аныктамасы менен жогоруда аталган кайрылуу ѳндүрүшкѳ кабыл алынган.
М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоровдун талаптары бири-бири менен өз ара байланышта тургандыктан, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьябаяндамачысынын 2020-жылдын 19-октябрындагы аныктамасы менен аталган кайрылуулар бир сот өндүрүшүнө бириктирилген.
М.М. Жорокулов жана Н.У. Кочкоров соттук отурумда өзүлѳрүнүн талаптарын колдошуп, аларды канааттандырууну суранышты.
Жоопкер тараптын өкүлү М.И. Арзиев арыздануучулардын өтүнүчтѳрүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтыруу зарыл деп эсептейт.
ЖКнын максаттары болуп инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштын кесепетинен бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат. Аталган Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын ѳмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.
М.И. Арзиевдин пикири боюнча талашылып жаткан ченем балдардын укуктары менен эркиндиктерин бузушу мүмкүн эмес, анткени Конституциянын 16-беренесинин 5-бѳлүгүндѳ баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби бекитилип, мамлекет баланын кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди ѳз моюнуна алган. Аталган принципти жүзѳгѳ ашыруу максатында 2012-жылдын 10- июлунда Кыргыз Республикасынын балдар жѳнүндѳ кодекси кабыл алынган. Кодекс балдардын Конституцияда каралган укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарынын негизги кепилдиктерин белгилейт жана мамлекет тарабынан балдардын дене-бой, акыл-эс, адептик, руханий жана социалдык жактан өнүгүүсү, турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.
Ошондой эле, жоопкер тараптын ѳкүлүнүн айтымында, талашылып жаткан ченем ар кимдин соттук коргонуу, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарын да бузбайт. Мыйзамда каралган негизден жана тартиптен башка учурларда эч ким эркиндигинен ажыратылууга тийиш эмес. Эркиндик менен жеке кол тийбестикке кол салуучу бардык аракеттерге карата сотко арыздануу мүмкүн.
Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесине ылайык ар бир адам, ага конституция же мыйзам менен берилген негизги укуктары бузулган учурларда, компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүгѳ укуктуу деп белгилейт.
М.И. Арзиев баяндалгандын негизинде кайрылуучулардын ѳтүнүчтѳрүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү М.У. Жусубакунов, М.И. Арзиевдин жүйөлөрүн колдоп, андан тышкары, талашылып жаткан ченем мыйзам чыгаруучу тарабынан биринчи кезекте уурдалган адамдын өмүрүн сактоо, калктын соттуулугун азайтуу максатында киргизилген деп кошумчалап жана ѳтүнүчтѳрдү канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу ѳкүлү М.К. Жусупов талашылып жаткан ченем боюнча кийинкидей пикирин билдирди.
ЖКнын 170-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ каралгандай, эгерде күнѳѳлүү 72 саат ѳткѳндѳн кийин уурдалган адамды ыктыярдуу бошотсо, IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзѳтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат деп аныкталган. Демек уурдаган адам жазык жоопкерчилигине тартылат жана жазасын алат, 8 эркиндик менен жеке кол тийбестикке кол салуучу бардык аракеттердин үстүнѳн сотко арызданууга болот.
М.К. Жусуповдун пикири боюнча, уурдалган адамдын же анын мыйзамдуу ѳкүлүнүн аталган Кодекстин башка беренелери боюнча сотко кайрылуу укугу сакталат. Анткени, адамды уурдоо учурунда кандайдыр бир башка кылмыш иш-аракеттер болгон болсо, уурдаган адам ЖКнын беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Андан тышкары, ѳз жүйѳлѳрүнѳ негиз катары М.К. Жусупов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2, 3-пункттарынын ченемдерин келтирип, коңшу мамлекеттердин жазык мыйзамдарында 72 сааттык чектѳѳнүн болбогондугун белгиледи.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, М.К. Жусупов ЖКнын 170-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ жана 2-бѳлүгүнүн 1-5 пункттарында каралган жосундарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2-пункттарына карама-каршы келет деген пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү Э.Б. Искаков кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн негизсиз деп эсептеп, тѳмѳнкүдѳй ѳз пикирин билдирди.
Э.Б. Искаковдун пикири боюнча, заманбап кылмыш-жаза илиминин тенденцияларынын бири - кылмыш жасоодон келип чыккан чыр-чатактарды жѳнгѳ салуу мүмкүнчүлүктѳрүн издѳѳ, ошол эле учурда атайын алдын алуу максатына жетүү, мындай каражаттын мисалы болуп кылмыш-укуктук компромисс саналат.
Ошол эле учурда, ЖКнын 170-беренесинин каралган эскертүү, аталган беренеде камтылган кылмыш аракеттердин баардыгына эле колдонула бербейт. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуунун атайын эрежелери тѳмѳнкү ѳбѳлгѳлѳрдү камтыган учурда гана колдонулушу мүмкүн.
Биринчиден, ак ниеттүү ѳкүнүүнүн натыйжасында кылмыштын субъекти уурдалган адамды ѳз ыктыяры менен бошотушу керек. Бул учурда мыйзам чыгаруучу жабырлануучунун ѳмүрүнѳ жана ден соолугуна жогорку
баа берип, андан да олуттуу кесепеттерге алып келбѳѳ үчүн адамды кылмышжаза жоопкерчилигинен бошотуу сунушталат. Экинчиден, кылмыш субьектинин иш-аракетинде кылмыштын башка курамынын жоктугун аныктоо зарылчылыгы шарт болуп саналат. Буга кошумча негизги жагдай болуп, уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошотуу саналат. Уурдоо мѳѳнѳтү коомдук коркунучтун даражасын жана кылмышкер тарабынан жасалган аракеттерден келип чыккан зыянды токтоосуз оңдоого ѳз ыктыярдуу каалоосун кѳрсѳтүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын негизги концепциясы аны гумандаштыруу болуп саналып, каралып жаткан ЖКнын 170-беренесинин эскертүүсү биринчиден жабырлануучуга карата айыпталуучу тарабынан башка кылмыш иш-аракеттердин жасалышын алдын алууга, калктын соттуулугун азайтууга жана күнѳѳлүүнү ресоциалдаштырууга багытталган гумандаштыруучу чара болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жазык мыйзамдары соттукукуктук реформанын алкагындагы кѳп жылдык эмгектин натыйжасы, аларды кабыл алууда адамдын эркиндиги - ар бир адам үчүн эң маанилүү социалдык баалуулуктардын бири экендиги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирери эске алынып, негизинен мыйзамдарды гумандаштырууга багытталган.
Жазык мыйзамдарынын гуманизм принциби кѳп аспекттүү кубулуш катары адам, коом жана мамлекеттин ортосундагы мамилелерди курууну, адеп-ахлак ченемдеринин негизинде башкаларга жана жеке ѳзүнѳ карата мамилени орнотуучу цивилизацияланган коомдук мамилелердин принциби катары иштейт.
Гуманизм принциби адамдын жашоосуна, эркиндигине, ар тараптуу жана гармониялуу ѳнүгүүсүнѳ, ѳз жѳндѳмдѳрүн ишке ашырууга укугу бар жигердүү, кыраакы инсан катары баалуулугун таанууга негизделген.
ЖКнын 63-беренесине ылайык кылмыш үчүн жаза кылмыш жасаганына күнѳѳлүү деп таанылган адамга карата соттун ѳкүмү боюнча колдонулуучу жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат жана соттолгондун ЖКда каралган укуктарын жана эркиндигин чектѳѳнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктѳѳнү билдирет.
Адамды жазалоонун максаты, бул күнѳѳлүүнү түзѳтүү жана ресоциалдаштыруу, жаңы кылмыштарды жасоонун алдын алуу, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү.
Мыйзам чыгаруучу орган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин талабына ылайык адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирерин, ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу экендигин эске алуу менен, ЖКнын 170-беренесинде камтылган эскертүүнү негиздүү түрдѳ киргизген.
Баяндалгандын негизинде, Э.Б. Искаков мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемди кабыл алууда, анын негизги мааниси катары жалпы адамзат баалуулуктарынын артыкчылыгын таануу жолу менен, биринчи кезекте уурдалган адамды кантип тирүү жана аман-эсен кайтарып алуу керектигин, андан кийин гана адам уурдоого күнѳѳлүү адамды жазалоо керектигин эске алганын белгилеп, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген пикирин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча ѳкүлү Ү.У. Конкубаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү А.М. Курманбаева, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Э.А. Ашырбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул эмес экенин билдиришип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү Э.Б. Искаков келтирген жүйѳлѳр менен бир ѳңчѳй аргументтерди келтиришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп ЖКнын 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2- бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсү саналат:
«170-берене. Киши уурдоо
Эскертүү: Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2- бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.».
ЖК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 10- февралындагы № 19-20 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган 12 принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-берененин 1-бѳлүгү).
Эл аралык-укуктук актылардын жоболору, тактап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын, 29-беренелери, ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 2 (2-пункт жана 3-пунктунун «а» пунктчасы), 14-беренелери (1-пункт) менен үндөшкөн каралып жаткан конституциялык ченемден мамлекет адилеттүү, компетенттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргонуу укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылууга милдеттүү экени келип чыгууда.
Соттук коргонуу укугу адамдын негиз салуучу жана ажырагыс укуктарынын бири болуп саналып, чектѳѳгѳ жатпаган укуктардын катарына кирет (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 8-пункту). Башкача айтканда, бул укукту чектѳѳ, кандай гана шартта болбосун Конституция менен таанылган максаттарга жетүү зарылчылыгы менен шартталышы мүмкүн эмес жана адамдын жана жарандын калган бардык укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналат.
Соттук коргоо – бул, биринчи кезекте, сот адилеттүүлүгүнѳ болгон укук, коомдогу алдын ала белгилүү жана калыс укуктук чѳйрѳгѳ болгон укук. Соттук коргоо институтунун ажырагыс элементтеринин бири болуп жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принциби жана адилеттүү ѳч алуу (талион) принциби саналат. Азыркы замандагы жазалоо тутумун гуманизмдин негизинде куруу зарылчылыгына карабастан, жаза мурункудай эле кылынган жамандык үчүн адилеттүү ѳч алуу катары каралат. Укуктун негизги принциби – адилеттүүлүк принциби да адамдык ѳз ара мамилелерди түзүүдѳгү эквиваленттүүлүктү болжойт.
Ошентип, ѳч алуу, жасаган кылыгы үчүн адилеттүү жазалоо катары жазык жазасынын ажырагыс бѳлүгү болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укукту адамдын негиз салуучу укугу катары тааныйт, ал, инсандын кадыр-баркынын мамлекет тарабынан таанылуусунан улам, анын автономия чѳйрѳсүнѳ негизсиз кийлигишүүгѳ жол берилбестикти, адамдын ар тараптуу ѳнүгүүсү үчүн гана эмес, анын дене боюна жана психикалык кол тийбестиги үчүн да шарттарды түзүү зарылчылыгын алдын ала аныктайт.
Инсандын эркиндиги жана кол тийбестиги жазык укугунун да коргоосунда турат. ЖК адам уурдоо жана аны эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу сыяктуу инсандын эркиндиги жана кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигин орнотот.
Маселен, ЖКнын 170-беренеси ЖКнын 244-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, аны ал туруктуу же убактылуу турган жеринен которуп, ал турган жерден айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолуучу, кармап алуу, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине каршы уурдоо үчүн II жана III категориядагы эркиндигинен ажыратууну караштырат.
Муну менен бирге ЖКнын 170-беренесинин болгон эскертүү кылмыштан кийинки позитивдүү жүрүм-турум болгон учур үчүн дем берүү мүнѳзүндѳгү буйрууну камтыйт: уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошотуу күнѳѳлүүнү жазык жоопкерчилигинен, тактап айтканда ЖКнын 170-беренесинин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз болуп эсептелет. Мында жазык мыйзамдары уурдоого коштолгон башка кылмыштар – жабырлануучунун ден соолугуна оордугу ар кандай даражадагы залалдар, транспорт каражаттарын айдай качуу, зордуктоо, опузалоо жана башкалар үчүн бошотууну караштырбайт. Ыктыярдуу бошотуу деп күнѳѳлүү адам жабырлануучуну кармап турууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билип туруп, аны уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде туугандарына, бийлик 14 ѳкүлдѳрүнѳ ѳткѳрүп берүү, анын турган жерин айтуу аркылуу уурдалган адамды бошотуу таанылат.
Изилденип жаткан тартипти орнотууда мыйзам чыгаруучу эч нерсеге карабастан уурдалган адамдын ѳмүрүн жана анын ден соолугун оор залалдан сактоо максатын кѳздѳгѳн.
Жашоого болгон укук адамдын негизги, ажыратылгыс жана табигый жеке, ѳзүнүн тѳрѳлүү фактысына ылайык ээ болгон укугу болуп саналат (21- берене). Бул укуктун конституциялык мазмуну адамды ѳмүрүнѳн ѳзүм билемдик менен ажыратууга же мындай коркунучка жол берилбестикти камсыз кылуу мамлекеттин жана анын бардык органдарынын приоритеттүү милдети болуп саналаарында турат. Ушуга байланыштуу изилденип жаткан тартипти киргизүүдѳгү мыйзам чыгаруучунун кѳздѳгѳнү белгилүү. Адамдын ѳмүрүн куткаруу жана ден соолугун сактоо ѳзүнүн маанилүүлүгү боюнча мамлекеттин коомдук жашоону уюштуруу чѳйрѳсүндѳгү башка милдеттери менен салыштырылгыс. Жоопкерчилик пайда болгондо жана жазаны дайындоодо, күнѳѳлүү, жүрүм-турумдун мыйзамдар менен аныкталган формаларын сактаган учурда жеңилдиктердин болуусу кылмыш жасаган адамды позитивдүү жүрүм-турумга түртүүчү башкы фактор болуп эсептелери менен да макул болбой коюу мүмкүн эмес.
Башкача айтканда, мыйзам чыгаруучуга ченем жаратуу ишмердүүлүгүндѳ мындай укуктук рычагдарды колдонууга жол берилет жана уурдалган адамды тийиштүү убакыттын ичинде ыктыярдуу бошотуу күнѳѳлүүнүн абалына олуттуу таасир эте алган ѳзгѳчѳ жагдай катары кабыл алынышы мүмкүн.
Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу укуктук жѳнгѳ салуунун тигил же бул ыкмасын тандоодо конституциялык жана жалпы укуктук принциптерди бузбай туруп, ошондой эле жеке да, коомдук да мыйзамдуу кызыкчылыктарды эске албай койбостон максатка жетүүгѳ мүмкүнчүлүк берген ыкмаларды колдонууга милдеттүү.
Адамды уурдоо коомдук кооптуулуктун жогорку даражасы менен мүнѳздѳлѳт жана бардык дүйнѳ коомчулугу менен инсанга каршы оор кылмыш катары бааланат, демек, жазык жазасы дайындалбай турган анча маанилүү эмес жосундардын категориясына кирбейт. Коомдук кооптуулуктун жогорку деңгээлин эске алганда, адам уурдоо, аны кармап алып жана ордун которуу башталган учурдан тартып аяктаган кылмыш болуп эсептелет. Ордун которуу жабырлануучунун ѳзү тарабынан аны алдоонун же ишеничин кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында жүргүзүлгѳн учурларда, кылмыш, ал адамды кармап алып жана мажбурлап ордун которуу башталган учурдан тартып же болбосо адамдын орду башка которулбаса, аны мажбурлап кармоо башталган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. Демек, уурдалган адамды 72 саат аяктаганга чейин ыктыярдуу бошотуу кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартууга да жатпайт. (Эгерде мында кылмышты аягына чейин жеткирүү мүмкүндүгүн түшүнүп турса дагы, адам өз эрки менен кылмышка даярдык көрүүсүн же кылмышка аракеттенүүнү толук токтотуусу, кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу деп таанылат (ЖКнын 40-беренеси).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жазык укугу тѳмѳнкү негизги максаттарды кѳздѳйт деп баса белгилейт.
Жазык укугу бейпилдикти орнотуучу функцияга ээ. Бул, жазык укугу кылмышка болгон жамааттык-уюмдашкан коомдук реакция болуп саналган жѳнгѳ салынган процесс аркылуу индивиддин жана коомдун жаза берүү муктаждыгын теңдештирет дегенди түшүндүрѳт.
Жазык укугу багыт берүү функциясын аткарат, ал кылмышкерди жазык жазасына тартуу менен коомго укуктук тартиптин кебелбестигин кѳрсѳтүүдѳ туюнтулат, жыйынтыгында бул, калктын мыйзамга баш ийүүсүнүн деңгээлин чыңдоого алып келет. Кылмыштуулуктун социалдык моделинде кармап туруу ѳзѳктүү түшүнүк болуп саналат, анткени потенциалдуу кылмышкерлер кылмышты жасоонун келечектеги зыяндарын жана пайдаларын рационалдуу карап жана теңдештиришет. Бир конкреттүү укук 16 бузуу үчүн санкция орнотуу фактысы мындай иш-аракеттерди кылуудан карманууга олуттуу таасирин тийгизет.
Ошол эле учурда, кылмышкерди ресоциализациялоо жана андан коомду коргоо жазык укугунун негизги максаттарына кирбейт жана мазмуну боюнча ар кандай жазык-укуктук каражаттар менен чечилет.
Инсандын эркиндигин жана кол тийбестигин жар салуу биринчи кезекте, жеке да, коомдук да функцияны аткарган бул конституциялык жобону бузуу үчүн жоопкерчиликтин, анын ичинде жазык жоопкерчилигинин болбой койбостугун түшүндүрѳт. Мындан, жогоруда аталган конституциялык принципке ылайык уурдалган адамды 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам толугу менен жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн эмес экени келип чыгат.
Жогоруда баяндалган жагдайларды эске алуу менен күнѳѳнү жокко чыгаруусуз жана жазык жоопкерчилигин алып салуусуз тартипте, адамды уурдоого күнѳѳлүүнүн жүрүм-турумунун позитивдүүлүгүнүн даражасына жараша мыйзамдуу жаза чараларынын арасында олуттуу айырманы орнотуу аркылуу талашылып жаткан эскертүүнүн максатына жетүүгѳ мүмкүн. Мындай мамиле жалпы укуктук принциптерге гана жооп бербестен, күнѳѳлүү адамдын жазасыздыгына жол берилгендигине байланыштуу талашылып жаткан эскертүүдѳ камтылган адамды уурдоого шыктандырган эффектти да жокко чыгарууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, башка адамдардын бул кылмыштан коргонуу укуктарын да этибар албоого болбойт, буга жазык жоопкерчилигинин сѳзсүз болушу менен гана жетүү мүмкүн.
Ошентип, ЖКнын 170-беренесинин талашылып жаткан эскертүүсү конституциялык жана жалпы укуктук принциптерге жооп бербейт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет.
Каралып жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемдик эскертүүнүн конституциялуу эместиги фактысын констатациялоо менен гана чектеле албайт, анткени бул, укуктук жѳнгѳ салуунун маанилүү бѳлүгүн алып салууга байланыштуу укуктук тутумдун олуттуу кемчилигине алып келет, ал адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу чѳйрѳсүндѳ оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, жазык мыйзамдарын ушул Чечимге ылайык келтиргенге чейин, ЖКнын 170-беренесинин 3-бѳлүгү «72 саат өткөндөн кийин» деген сѳздѳрдү алып салуу менен колдонууга жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин «уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5- пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сѳздѳр менен баяндалган эскертүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8- пунктуна, 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карамакаршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыккан укуктук позициянын негизинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин эскертүүсү ушул Чечимге ылайыкташтырылганга чейин аталган берененин 3- 18 бөлүгү «72 саат өткөндөн кийин» деген сөздөрдөн турган ченемдик жободон башкасы колдонулуп турууга жатат.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
|
Судьлар: |
|