Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 135
Сүлүктү шаарынын мэриясынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө жана 2018-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукту кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө жана 2018-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукту аткаруу максатында депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө жана 2018-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчету жана жазма буйругу (мындан ары жазма буйрук) эске алынсын
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасы К.Исмаиловго, Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго жана тийиштүү мекемелердин жана чарбалык эсептеги муниципалдык ишканалардын жетекчилери А.Келдибековго, С.Калакуловго, К.Мадаминовго, У.Сабуровага, К.Ырысовго:
-Жазма буйркта көрсөтүлгөн кемчиликтерди мындан ары болтурбоо боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү;
- Тийиштүү мекемелердин жана чарбалык эсептеги муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана башкы эсепчилери тарабынан эсеп учет иштери убагында так жүргүзүлүп, мындан ары жетишпестиктерге жол берилбесин камсыз кылуу;
-Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеӊешке 2021-жылдын10-январына чейин маалымат берүү жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, эономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | К. Исмаилов |