Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 136
Калкка кызмат көрсөтүүдө шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө
Шаардык эмгек жана соиалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкка кызмат көрсөтүүдө шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20,21 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык эмгек жана соиалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкка кызмат көрсөтүүдө шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын
2. Шаардык эмгек жана соиалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы У. Акимбековго милдеттендирилсин:
- Даректүү социалдлык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштерин жүргүзүү
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын талапка ылайык алып барууну камсыз кылуу
- Шаардын аймагындагы иш менен камсыз болбогон жарандарга, иш менен камсыз кылуу жана бош кызмат орундарына ачык жарманкесин уюштуруу
- Жашы жете электер арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу
3. Токтомдун аткарылышын камыз кылуу жагы шаардык эмгек жана соиалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бачысы У.Акимбековго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | К. Исмаилов |