Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 137
Шаардын аймагындагы ооруканалардын имаратынын абалы жөнүндө
Шаардын аймагындагы ооруканалардын абылы жүндө шаардык кеӊештин муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеӊештин муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын шаардын аймагындагы ооруканалардын абылы жүндөгу маалыматы кабыл алынсын
2. Шаардын аймагындагы ооруканалардын имараттарынын абалы канааттандырарлык деп эсептелсин
3. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун башчысы А. Ибрагимовго маалыматта көрсөтүлгөн төмөнкү көйгөйлүү маселелер:
- Эски терапия имаратынын экинчи кабатын жугуштуу оорулар бөлүмүнө айландыруу үчүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө
- Дартты аныктоо бөлүмүнүн жылытуу системасын жана канализациясын заманбап кылып куруу үчүн ;
- Жалпы дарыгерлер практика борборунун Бөкөнбаев айылына жаӊы фельдшердик-акушердик пунктун куруу үчүн
- Жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн
- Оорукананын айланасын асфальттоо үчүн акча каражатынын булактарын табуу жагы милдеттендирилсин:
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун башчысы А. Ибрагимовго көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, көзөөлдөө жагы
Төрага | К. Исмаилов |