Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 22-февралы № 8
Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Автогараж” муниципалдык ишканасынын жана шаардык “Жайыт пайдалануучулар бирикмесининин” 2021-жылга бекитилген бюджеттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 2;3;5-пункутчаларына ылайык, Баткен шаарынын жайыт бирикмесинин 2021-жылдын 15-февралдагы №3 катынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык автогараж ишканасынын 2021-жылга бекитилген сметасынын 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясынан 100 миң сом кыскартылып, 3112 “Машына жана жабдуулар” статьясына 100 миң сом кошулуп берилсин.
2.Баткен шаарынын жайыт бирикмесинин 2021-жылга бекитилген бюджетине ылайык түшкөн 450 миң сом акча каржаты толугу менен жайыт бирикмесине жайыттарды өнүктүрүү үчүн чегерилүүгө макулдук берилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |