Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 22-февралы № 11
Баткен токой чарбасынын аймагындагы жайыттарга чыгуучу малдар үчүн жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31 беренесинин 4-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен аймактык башкармалынын, Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 9-февралдагы №01-21/121 сунушу катынын, жайыттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатындагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун жана кортундусунун негизинде, Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен токой чарбасынын аймагындагы жайыттарга чыгарылган малдар үчүн төлөм акылары төмөнкү тарифте бекитилсин:
1.Ири мүйүздүү малдар үчүн (КРС) -56 сом
-музоолору үчүн – 25 сом
2.Майда малдар үчүн -25 сом
-козу-улактар үчүн- 10 сом
3.Жылкылар үчүн- 60 сом
-кулундары үчүн- 30 сом
4.Топоздор үчүн – 60 сом
-мамалактар үчүн -30 сом
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин айыл
чарба жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына /А.Примкулов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |