Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-апрели № 39/2
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну С.Өрдөкбаевдин жазган арызын кароо жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну С.Өрдөкбаевдин жазган арызы боюнча Кызыл-Жылдыз айылындагы жашап жаткан үйү 2002-2003-жылдары мамлекеттик каттоонун кызматкерлери кыдырып тактоо жүргүзгөн учурда, үй ээлери убактылуу жок болгондугуна байланыштуу каттоого алынбай калган. Нарын облустук мамлекеттик архивинин көчүрмөсү 2020-жылдын 01-июнундагы № 02-13/492/2 жана
№02-13/492/3 негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Сооромбаев Өрдөкбайдын наамына таандык жер аянты экендиги таанылсын.
2. Нарын облустук мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 01-июнундагы № 02-13/492/2 жана №01.06.2020 №02-13/492/3 архивдик көчүрмөсү эске алынсын.
3. Бардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |