Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-апрели № 39/3
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин 2021-жылга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-биренесине ылайык Жерге-Тал айыл аймагынын карамагындагы ар бир айылдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорун угуп талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарында айдап-себүү, көчүү-конууну эртелетүү максатында мал корук жана айдап себүү иш-чаралары уюштурулсун;
- Айыл башчылары, тиешелүү адистер элдердин айдап себүүгө пайдалануучу күйүүчү май менен камсыздоо боюнча иш алып барышсын;
- Мал алган адамдарды эртелетип көчүрүп-кондуруу арекети көрүлсүн;
- Алыскы жаздоолорго малчыларды көчүрүүгө айдоочулар эртелеп пропускаларын алышсын;
- Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар эртелеп даярдалсын;
- Айыл аймагында жылда жаз мезгилинде өткөрүүчү элдик түлөө жыл сайын апрель айынын үчүнчү жумасында өткөрүлүү жагы белгиленсин;
- Жазгы айдап-себүү, мал багуунун тарифтери бекитилген баада туруктуу кармалып, кырдаалга байланыштуу гигеналык эрежелерди, тартипти сактоо боюнча өзгөчө иштери алынып барылсын;
- Ушул токтомдо көрсөтүлгөн тартипте баш ийбеген жарандарга КР «Бузуулар боюнча кодексинин» жана Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 19.04.2013-жылдыгы №4 токтому менен бекитилген Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосунун негизинде катуу чаралар көрүлүү жагы эскертилсин.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коллегиясынын отурумунун №4 протоколу тиркелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |