Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 39/5
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү реестр боюнча кароо жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнө демөөрчүлөр жана айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан келген техникалар айыл өкмөттүн балансына алууга жана документтерин мыйзамдуу тактоо, тарифтерин ирээтке келтирүүгө, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө демөөрчүлөр жана айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан келген техникалар айыл өкмөттүн балансына алынсын;
2. Айыл чарба техникаларынын документтерин мыйзамдуу тактоо, тарифтерин ирээтке келтирүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Ш.Жумабековага, «Өнүктүрүү фондунун» төрагасы Алымбаев Тойчубекке милдеттендирилсин.
3. Келишим боюнча экинчи тарап алып келген техникалардын документерин кечиктирсе мыйзам чегинде сот аркылуу териштирүү жагы эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |