Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-марты № 37/1
Жерге-Тал айыл аймагындагы Айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн бааларын бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагындагы Айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасын, кадамын, кепилдик төлөмүн жана түз берүү жолу менен берүүнү талкуулап чыгып, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баалары: аукциондун баштапкы баасы 1300с, кадамы 200с жана кепилдик төлөмү 300 сомдон жана түз берүү жолу менен 1000 сом соцфонд, налог төлөмдөрү өзүнчө болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |