Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты № 38/1
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын Актилек-Тогуз-Булак бала бакчасындагы балдар ойноочу аянтчаны кеңейтүүдө тоскоолдук жараткан карыган, чириген бактарды жана бала бакчанын кире беришиндеги каргалар уялаган бактарды кыркууга уруксаат берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» бала бакчасынын жетекчисинин сунушун карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» бала бакчасынын жетекчиси Шамбетова Гүлзаттын 16-март 2021-жылы жазган сунушунун, 17-март 2021-жылы айыл өкмөтүнүн №22-б буйругунун жана 17-март 2021-жылы түзүлгөн комиссиясынын токтомунун негизинде карап чыгып жана талкуулап бала бакчадагы каргалар уялаган бактарды кыркууга уруксаат берилсин.
2. Чирибеген кара бактарды такыр эле түбүнөн кыркпастан 2-2,5 метрден калтырууга жана чиригендерин түбүнөн кыркуу боюнча чаралар көрүлсүн.
3. Тоскоолдук жараткан карыган жана чириген бактарды бала бакчанын кире беришиндеги каргалар уялаган бактарды кыркуу учурунда элдердин жаракат албоосу ж.б. имаратты талкалап кетүү коопсуздугун алдын алуу иштери боюнча Актилек Тогуз-Булак бала бакчасын башчысы Г.Шамбетовага дайындалсын;
4. Кыркылган бактарды бала бакчанын өздүк керектөөсүнө жумшап ( көмүрканага, балдар ойноочу селкинчек, кичине үйчө ж.б.) тескери жака кетирбестен, керектелген бактардын отчету айыл өкмөтүнө маалымат катары кат жүзүндө берилсин.
5. Маалымат берүү жагы «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» бала бакчасынын жетекчиси Г.Шамбетовага эскертилсин;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнун башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |