Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты № 38/2
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын 2021-2025-жылдарга карата бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттуу планын 2021-2025-жылдарга карата алымча кошумчасы менен бекитилсин.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын алып баруу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |