Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты № 38/6
Жерге-Тал айылынын тургуну Эдилбеков Бакытбекке АКБФнын жерлеринен түз берүү жолу менен узартып берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылынын тургуну Б.Эдилбековдун 17-март 2021-жылы жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап чыгып, Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна дагы тийиштүү жер аянттары берилип кеткендигин, көп жылдан бери тийиштүү жерлерди коруп жүргөндүгү эске алынып, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жерге-Тал айылынын тургуну Б.Эдилбековго Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу «Көр-Булак» участкасындагы мурун пайдаланып жүргөн АКБФнын жеринен 4га жер аянты түз берүү жолу менен баштапкы баасы 1300 сомдон жана соцфонд, налог төлөмдөрү өзүнчө болуп 5 жылдык мөөнөткө узартылып берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана эки тараптуу келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |