Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты № 38/7
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын бурулушунан, коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында видео-байкоо көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн мерчемдүү жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ИИМ Нарын ОИИБнын, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальник милициянын полковниги Б.Токтакуновдун 2021-жылдын 14-мартындагы №6/1419 жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын бурулушунан, коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында видео-байкоо көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн мерчемдүү жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |