Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты № 38/9
Жайыт пайдалануучулардын жайытка тиешелүү жерлерден чабынды катары чаап алууга баа бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы жайытка тиешелүү жерлерден чабынды катары чаап алууга жердин түшүмдүүлүгүнө жараша 1га жерге 500-1000 (беш жүздон- миң) сомго чейин деп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу келишим түзүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |