Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 22-июлу ПЖ № 248
"Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында дипломатиялык сервис системасынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 16-майындагы № 166 "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 26-июлунда № 65(3400) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |