Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 1-августу ПЖ № 260
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жөнөтүлгөн Алымкулов Айдарбек Бекишович каза болгондугуна байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2022-жылдын 22-июнунан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |