Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына) |
Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө
жобо
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Сот системасынын органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун (мындан ары - жергиликтүү соттор) аппараттары, ошондой эле Жогорку соттун ведомстволук мекемелери жана органдары жана алардын аймактык бөлүмдөрү кирет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Атайын класстык чен - бул сот системасынын органдарынын ар бир мамлекеттик жарандык кызматчысына иш стажына, билимине жана ээлеген кызматына ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.
Атайын класстык чендер административдик мамлекеттик кызмат орундарынын реестринин топторуна жана категорияларына ылайык келет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Атайын класстык чендерди ыйгаруунун тартиби
3. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык ченди ыйгаруу иш стажына, жогорку юридикалык билиминин болушуна ылайык ырааттуу тартипте жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жарандык кызматчыларга кызмат орундарынын тобун эске алуу менен төмөнкү атайын класстык чендер ыйгарылат:
1) кызмат орундарынын кенже тобуна - кенже юрист жана 3-класстагы юрист атайын класстык чени;
2) кызмат орундарынын улук тобуна - 2, 1-класстагы юрист атайын класстык чендери;
3) кызмат орундарынын башкы тобуна - юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендери;
4) кызмат орундарынын жогорку тобуна - юстициянын 3, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чендери.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Атайын класстык чени жок мамлекеттик жарандык кызматчыга биринчи атайын класстык чен, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, административдик кызмат орундарынын тиешелүү тобу үчүн биринчи атайын класстык чендер болуп саналган кенже юрист, 2-класстагы юрист, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендерине карата -административдик кызмат орунга дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын чегинде башка кызмат орунга дайындалса, анда ушул пунктта каралган атайын класстык чендерди ыйгаруу үчүн мөөнөт бул мамлекеттик органдын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат кылган бардык убакыттын жыйындысы боюнча эсептелет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
32. Юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чени, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, ээлеген кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иштегенден кийин гана ыйгарылышы мүмкүн.
Жогорку административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген адамдарга кезектеги атайын класстык чен ээлеген кызмат ордунда мурдагы атайын класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
Өзгөчө учурларда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул пункттун биринчи жана экинчи абзацтарында белгиленген талаптарды эске албастан юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Атайын класстык чендерде болуунун мөөнөттөрү жана аларды ыйгаруу тартиби
4. Ар бир атайын класстык ченде болуу мөөнөттөрү төмөнкүлөрдөн кем болбоого тийиш:
кенже юрист үчүн - 1 жылдан;
3, 2, 1-класстагы юрист үчүн - 3 жылдан;
юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн - 3 жылдан;
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр мамлекеттик жарандык кызматчыны кыйла жогорку мамлекеттик кызмат ордуна дайындоодо эске алынбайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Ыйгарылган атайын класстык ченде кызмат өтөөнүн мөөнөтү атайын класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет.
6. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга улук жана орто атайын класстык чендерин ыйгаруу атайын класстык чендер боюнча комиссиялардын корутундуларынын негизинде төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун аппараттарына - Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары тарабынан тиешелүү түрдө аппарат жетекчилеринин сунушу боюнча;
2) жергиликтүү соттордун аппараттарына - Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан тиешелүү түрдө жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунушу боюнча;
3) Жогорку соттун ведомстволук органдарынын борбордук аппараттарына жана облустук башкармалыктарынын жетекчилерине - ведомстволук органдардын жетекчилери тарабынан орун басарларынын биринин сунушу боюнча;
4) ведомстволук органдардын облустук башкармалыктарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн - ведомстволук органдардын жетекчилери тарабынан облустук башкармалыктардын жетекчилеринин сунушу боюнча.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Атайын класстык ченди ыйгаруу жөнүндө сунушта мамлекеттик жарандык кызматчынын кесиптик ишин, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттарын чагылдырган мүнөздөмөсү, ошондой эле ага мурда ыйгарылган атайын класстык чен, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын класстык чени, кызматчыга мурдагы кызмат өтөгөн жеринде ыйгарылган аскердик же атайын наамдары жана дипломатиялык рангдары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
8. Жогорку административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык ченин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- Конституциялык соттун аппарат жетекчисине, анын орун басарына, Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчисине -Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча;
- Жогорку соттун аппарат жетекчисине жана анын орун басарларына, Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчисине, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын жетекчилерине - Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
9. Юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык ченин ыйгарууга сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна төмөнкү документтер менен киргизилет:
1) кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
2) өмүр баян;
3) сунушталып жаткан талапкерге сунушталуучуну бирге иштегендиги боюнча билген кызматкерлерден 3төн кем эмес пикир;
4) 4x6 өлчөмүндөгү сүрөт (2 даана);
5) билими, окумуштуулук даражасын, окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү;
6) паспорттун көчүрмөсү;
7) нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Атайын класстык чен биринчи жолу, кезектүү тартипте же кезексиз тартипте ыйгарылат.
11. Кызматчыны мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку топко кирген административдик кызмат ордуна дайындоодо эгерде бул класстык чен кызматчыныкынан жогору болсо аталган кызматчыга кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп саналган кезексиз атайын класстык чен ыйгарылат.
Көрсөтүлгөн учурда атайын класстык чен ырааттуулукту сактабастан жана кызматчынын ээлеген административдик кызмат ордунда кеминде бир жыл болгондон кийин мурдагы класстык ченде кызмат өтөөнүн узактыгын эске албастан берилет.
12. Атайын класстык чендер боюнча комиссия тарабынан сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына ага мурда ыйгарылган атайын класстык ченди калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда кайра кароо аталган чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Атайын класстык ченди сактоо тартиби
13. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын класстык чендери, аскердик наамдары, атайын наамдары жана дипломатиялык рангдары бар адамдарга алар Кыргыз Республикасынын сот системасына жумушка дайындалган (которулган) учурда дайындоо менен бир эле убакта мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын болгон класстык ченине, дипломатиялык рангына, аскердик же атайын наамына ылайык келген атайын класстык чен ыйгарылат.
14. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына ыйгарылган атайын класстык чен мамлекеттик жарандык кызматчыга административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунан бошотулганда жана мамлекеттик жарандык кызматтан кеткенде (анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу) "отставкада" деп көрсөтүү менен, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматка кирүүдө сакталат.
Мамлекеттик жарандык кызматчылар аларга ыйгарылган атайын класстык чендерде өмүр бою болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча гана атайын класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысына атайын класстык чен төмөнкү учурларда ыйгарылбайт:
1) кылмыш иши же болбосо укук бузуулар жөнүндө иш боюнча шектүү, айыпталуучу катары жоопко тартылган, ага карата кылмыш иши же укук бузуулар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган учурда - кылмыш иши же укук бузуулар жөнүндө иш токтотулганга чейин же сот тарабынан актоочу өкүм чыгарылганга чейин;
2) мамлекеттик жарандык кызматчыга тартиптик жаза берилген учурда - тартиптик жаза алынганга чейин;
3) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн учурда - ал аяктаганга чейин.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Атайын класстык чендер боюнча комиссиянын иштөө тартиби жана анын ыйгарым укуктары
16. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык ченди ыйгаруу жөнүндө маселени кароо жана тиешелүү корутунду берүү үчүн атайын класстык чендер боюнча тиешелүү комиссиялар түзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Сот системасынын органдарында атайын класстык чендер боюнча комиссиялар 5 адамдан түзүлөт. Комиссиялардын курамы тиешелүү түрдө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын, облустук башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Конституциялык сотто жана Жогорку сотто атайын класстык чендер боюнча комиссияларды белгиленген соттордун төрагаларынын орун басарлары, Жогорку соттун ведомстволук органдарында - жетекчинин орун басарларынын бири, облустук башкармалыктарда - тиешелүү облустук башкармалыктарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин бири жетектейт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Атайын класстык чендер боюнча комиссия өзүнүн жыйналыштарын зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда кеминде бир жолу өткөрөт. Комиссиянын жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүлөт, ал мамлекеттик жарандык кызматчыларга атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларына, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын, облустук башкармалыктарынын жетекчилерине берилет.
Атайын класстык чендер боюнча комиссия ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Атайын класстык ченди төмөндөтүүнүн, ажыратуунун тартиби
20. Кенже юрист, 3, 2 жана 1-класстагы юрист, юстициянын 3, 2 жана 1-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендерин төмөндөтүү, ажыратуу Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагалары, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын жетекчилери тарабынан персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин сунушу боюнча, ал эми мындай жок учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык ченин төмөндөтүү, ажыратуу Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагаларынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча атайын класстык ченден ажыратылат.
Кызматчы эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкача каралбаса Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу атайын класстык ченден ажыратылат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Башка жоболор
23. Атайын класстык ченди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын эмгек китепчесине жана өздүк ишине жазылат.
Атайын класстык чен сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт, ал эми юстициянын мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чени ыйгарылганда тиешелүү күбөлүк берилет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
24. Атайын класстык чен ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине, ал эми мындай жок учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.