Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 13-июлу ПЖ № 233
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2022-жылдын 2-июнунан тартып жиберилсин:
- Нарын облусу
Жумгал райондук соту
Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;
- Бишкек шаары
Биринчи май райондук соту
Медеров Азирет Баратович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |