Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-августу ПЖ № 275
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Жалал-Абад облустук соту
Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович;
- Ысык-Көл облусу:
Жети-Өгүз райондук соту
Асанбаев Нуркалый Жумабекович;
Каракол шаардык соту:
Каипова Нурила Кочкоровна;
Эралиев Талайбек Каскаевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |