Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 22-августу ПЖ № 289
Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө
2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.
Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |