Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 28-октябры ПЖ № 503
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча
башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну андан ары децентралдаштырууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өзалдынча башкаруунун функцияларын ажыратуунун конституция менен белгиленген принциптерин жүзөгө ашыруу, аймактарды башкаруунун өзалдынча жөнгө салуу, өзалдынча камсыз кылуу жана өзалдынча финансылоо принциптерин ырааттуу киргизүү, ошондой эле жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга жергиликтүү жамааттарды кеңири тартуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги (мындан ары - Агенттик) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Агенттиктин директору бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдасын жана киргизсин:
- Агенттиктин түзүмү, штаттык саны жана мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шартынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашылган долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Агенттикти Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтык материалдарын алуучу органдардын тизмесиие киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |