Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-августу ПЖ № 295
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
Джумагулов Апаска | - | мамлекеттик ишмер; |
Дуйшеев Арстанбекке | - | советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер (каза болгондон кийин); |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Шамшиев Болотбек Толеновичке | - | кинорежиссер, сценарист (каза болгондон кийин); |
Шеримкулов Медетханга | - | мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |