Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-сентябры ПЖ № 304
Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын
аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү
боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 207 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды (жүктөрдү) толук эсепке алууну камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жана/же эсепке алынбаган ташылып келген товарларды (жүктөрдү), ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды (жүктөрдү) контрабандалык алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоону (алып коюуну) камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чараларды көрсүн;
3) үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды эсепке алуу боюнча салык жана бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин, маалыматтарды онлайн режимде берүүнү, транспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерин таануу боюнча автоматташтырылган камералар менен өткөрүү пункттарын жабдууну камсыз кылсын;
4) үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган импортерлордун/ташуучулардын транспорт каражаттары үчүн атайын токтоочу жайларды киргизсин;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн контролду киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 207 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-сентябрында № 81 (3416) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |