Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 6-сентябры ПЖ № 305
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө
Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясат ырааттуу ишке ашырылууда.
Ушуну менен бирге шаарларда жана айылдык калктуу конуштарда тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуунун жетишсиздиги, тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы инфраструктуранын канааттандырарлык эмес абалы жана тиричилик калдыктарынын полигондорунун санитардык жана экологиялык ченемдердин талаптарына шайкеш келбегендиги бул чөйрөдө комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасында тиричилик калдыктарын иштетүү маселелери бүткүл дүйнөдөгүдөй эле курч турат. Калдыктар экологиялык коопсуздукка жана жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурган проблемага айланууда. Алар айлана-чөйрөгө, анын ичинде жер ресурстарына, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга, токойлорго жана башка өсүмдүктөргө, ошондой эле жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө, абага терс таасирин тийгизет.
Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Улуттук тазалык күнү белгиленсин жана ал жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары коомдук уюмдарды, экологиялык активисттерди, ыктыярчыларды жана жарандарды тартуу менен шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер ээлеген жана аларга бекитилип берилген аймактарда, ошондой эле жеке курулуш зоналарындагы көчөлөрдө жана короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү негизги милдеттерди ишке ашырууну караган 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитсин:
- тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
- тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
- тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын, таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды, анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвестицияларды өздөштүрүү;
- калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүүнүн зарылдыгын аныктаган "булгоочу төлөйт" принцибин киргизүү;
- тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти конкурстук негизде жүргүзүү процессинин ачыктыгы жана айкындыгы;
- калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга, бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга, төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү;
- катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү, энергиянын альтернативдүү булактары түрүндөгү тиричилик калдыктарынын объекттерин пайдалануу.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана тиричилик калдыктарын иштетүү, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу менен кеңири масштабдуу пропагандалык ишти уюштуруу боюнча иштерди күчөтсүн.
5. Шаарлардын мэрлерине, айыл аймактарынын башчыларына 2022-жылдын 31-декабрына чейин шаарлардын, айылдардын жана поселоктордун аймактарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү сунушталсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |