Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 19-сентябры ПЖ № 314
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө
Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;
2) Бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |