Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 322
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судъяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:
- Ош облустук сотуна:
Алимкулов Нургазы Халилович - Баткен облустук сотунан;
- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна:
Бекбулатов Айбек Бектурсунович - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан;
- Жалал-Абад облустук сотуна:
Койломбаев Азамат Ишимбекович - Нарын облустук сотунан;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна:
Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич - Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:
Саргалдаков Искендер Бекболотович - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна:
Омуралиев Мэлис Асанбекович - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна:
Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович - Чүй облусунун Москва райондук сотунан;
- Баткен облустук сотуна:
Султанканов Бактыбек Султанканович - Нарын облустук сотунан;
- Ысык-Көл облустук сотуна:
Бердибеков Алтынбек - Нарын облустук сотунан;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна:
Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич - Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:
Осмонов Тарасбек Сапарбекович - Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан;
- Нарын облустук сотуна:
Исажанов Келдибек Сайдахматович - Ош облустук сотунан;
Кудабаева Гульбара Ишеновна - Ысык-Көл облустук сотунан;
Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович - Жалал-Абад облустук сотунан;
- Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна:
Бектемиров Куралбек Абдималикович - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;
- Чүй облусунун Москва райондук сотуна:
Каримова Жыпар Кудайбердиевна - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:
Ормушев Тилек Эмилбекович - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:
Эралиев Талайбек Каскаевич - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |