Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп
Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын
кайра уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы анын курамынан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бөлүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 19-январындагы № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 19-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |