Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы анын курамынан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бөлүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставында:
- 13-пунктунда "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму," деген сөздөр алып салынсын;
- 18-пунктунун 4-пунктчасында "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун директорун жана директордун орун басарын," деген сөздөр алын салынсын;
- 23-пунктунун 8-пунктчасында "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын түзүмү ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 19-январындагы № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 19-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп
Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын
кайра уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы анын курамынан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бөлүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

С.Н. Жапаров |