Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-октябры ПЖ № 350
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү, аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, региондордо калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү караган орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын бекитсин:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну:
коомдун жана мамлекеттин учурдагы керектөөлөрүнө жооп берген, Кыргыз Республикасынын жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктеринде башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун;
аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун;
калктын санына жана калктуу конуштардын (шаар, айыл) тибине жараша региондордогу калк үчүн инженердик-коммуникациялык жана социалдык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүнүн региондук стандарттарынын системасын;
- аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча шаарлар жана айылдык калктуу конуштар үчүн кыйла маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо системасын киргизүүнү;
- жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз катышуусу жана контролу менен региондук деңгээлде өнүктүрүү бюджетин түзүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана. коммерция министрлигине административдик-аймактык түзүлүш, аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин, ошондой эле өзүнүн мурда кабыл алынган- чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |