Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-октябры ПЖ № 360
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө "Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө
Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана туңгуч президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын Бириккен Араб Эмиратгарынын мамлекетин түзүүдөгү тарыхый ролун жана көрүнүктүү мамлекеттик эмгегин, анын Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын көңүлгө алып, ошондой эле кыргыз-эмират достугун бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө "Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышы ыйгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө тиешелүү Мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 96 (3431) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |