Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-октябры ПЖ № 352
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоодо ушул Мыйзамды колдонбоону караган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан - келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |