Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 26-октябры ПЖ № 358
Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2024-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну 2024-жылдын 31-декабрынан тартып ар бир алты айда узартып турсун;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-октябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |