КР Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-декабры ПЖ № 405
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттин тышкы саясатын толук ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "министрликтеринин," деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин кошпогондо, министрликтеринин," деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |