Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-декабры ПЖ № 412
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону жана ар тараптуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны жана төмөнкүлөр боюнча чараларды караган тиешелүү финансылык коштоо менен аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын коргоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- республикалык жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагында жаңы музей мекемелерин түзүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык археология эстеликтерин консервациялоону, реставрациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү деңгээлде тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча иштерди күчөтүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу боюнча мекемелердин материалдык-техникалык базасын алардын илимий, методикалык жана кадрдык ишин өркүндөтүү менен жакшыртуу жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнү жана популярдаштырууну караган предметтерди бардык деңгээлдерде билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү;
- маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтер, металл детекторлор, радарлар, магниттик жана башка электрондук приборлор) колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-январындагы № 1 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |