Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 26-декабры ПЖ № 406
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Билим берүү жана финансы-экономикалык иш жаатында сиңирген эмгеги, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүлөргө:
ыйгарылсын: | ||
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам | ||
Бейшеналиева Гулязыга | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген ардактуу наам: | ||
Абдувапов Алтынбек Каныбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Бакетаев Алмаз Кушбековичке | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам | ||
Джунушалиев Айбек Джанышбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын | ||
Шаршеев Азамат Нуралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |