Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-декабры ПЖ № 414
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын IV бөлүмүнүн 4.3-пунктун ишке ашыруунун алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо куралдарын жана механизмдерин апробациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде төмөнкүлөрдү бириктирип түзүү менен пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Сары-Булак айыл аймактарын бириктирип, Балбай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Балбай айылдык аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш жана Санташ айыл аймактарын бириктирип, Талды-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Каркыра айыл аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев жана Арал айыл аймактарын бириктирип, Миң-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Карасаев айыл аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактарын бириктирип, Михайловка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагын;
- азыркы чек араларын өзгөртүүсүз калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагын.
3. Ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин иштеп жаткан депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктын 2 жана 3-пункттарынан келип чыгуучу уюштуруучулук-укуктук маселелерди чечсин;
- ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарын бириктирүүнүн натыйжасында бошоп жаткан муниципалдык кызматкерлерди жумушка орноштуруу жөнүндө маселени чечсин;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн толук камсыздоо боюнча потенциалын жогорулатсын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарын жана Түп айыл аймагын тиешелүү финансылык камсыз кылуу менен аткаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды этап-этабы менен өткөрүп берүү маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын аткаруу органдарына төмөнкү ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин:
мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө;
ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга суу бөлүштүрүү;
- айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке уюмдарга аутсорсингге өткөрүп берүү маселесин карасын;
- төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган региондо бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча;
социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча;
- бир айлык мөөнөттө 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын аткаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ