Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 414 Жарлыгына) |
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясы
Киришүү
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү саясий, социалдык жана экономикалык чөйрөлөрдө ийгиликтүү реформа жүргүзүүнүн негизи болуп саналат. Бул коомдук жана жеке мүнөздөгү маселелерди натыйжалуу жана адилеттүү чечүү максатында мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, алардын макулдашып иштешине жана өз ара аракеттенүүсүнө негизделген демократиялык жана ачык башкаруу системасын калыптандырууну болжолдойт.
Мамлекеттик саясаттын максаттарына жетүү жана жагымдуу социалдык жана ишкердик чөйрөнү түзүү боюнча жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу максималдуу натыйжалуулук жана ачык-айкындуулук менен чектелген ресурстарды пайдалануу концепциясын эске алуу менен бардык өнүктүрүү институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн оптималдуу механизмдерин уюштуруу жана ишин өркүндөтүү менен тыгыз байланыштуу.
Тармактар аралык жана региондор аралык байланыштарды табигый өнүктүрүү аркылуу аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүнү болжолдогон рационалдуу аймактык пландоо жана башкаруу өлкөнүн ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасир этүүчү жана анын оптималдуу аймактык уюмун аныктоочу маанилүү шарт болуп саналат.
Республиканын азыркы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделет: республика - облус - район - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаар, айыл), ал 7 облус, 40 район, 32 шаар жана 452 айыл аймагы жана 1800дөн ашык айылдан турат.
Ушул 2023-2024-жылдарда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясы (мындан ары - Концепция) өлкөдө административдик-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүү боюнча милдеттерди аныктаган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Административдик-аймактык реформанын эки негизги милдети аныкталган:
- биринчиси - айыл аймактарын ирилештирилген айыл аймактарына административдик-аймактык бириктирүү;
- экинчиси - жергиликтүү маанидеги маселелерди жана бөлүнүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды чечүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарды жана ресурстарды бөлүп берүү.
Концепцияны иштеп чыгуунун негизги максаты - Ысык-Көл облусунун Түп районун (мындан ары - Түп району) өнүктүрүүнүн келечегин жана мүмкүн болуучу жолдорун аныктоо, табигый-ресурстук жана социалдык-экономикалык потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде, экономикага позитивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана калктын бакубаттуулугунун өсүшүнүн натыйжасында социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу.
1. Түп районунун жалпы мүнөздөмөсү
Географиялык жайгашуусу
Түп району 1935-жылы 8-февралда түзүлгөн. Райондун аймагы Күңгөй Ала-Тоо кырка тоосу менен Ысык-Көлдүн акваториясынын ортосунда жайгашкан. Райондун рельефи ар түрдүүлүгү менен айырмаланат, анын чегинде эрозиялык бөлүнгөн татаал катмарлуу орто бийиктиктеги тоолор, Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада дарыяларды өткөрүүчү конустагы аллювиалдык-пролювиалдык түздүктөр жана көл жээктеги түздүктөр байкалат. Район деңиз деңгээлинен 1620 м бийиктикте жайгашкан.
Түп району Ысык-Көл облусунун курамына кирет жана Ысык-Көл облусунун түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Райондун аймагы түштүк-батышынан - Ысык-Көл, түштүк-чыгышынан - Ак-Суу району, батышынан - Ысык-Көл району, түндүгүнөн - Казакстан Республикасы менен чектешет.
Райондун гидрографиясы Тескей Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн жана анын куймаларынан башталган Түп дарыясы менен берилген. Дарыянын жалпы узундугу 135 км. Максималдуу суунун агымы июль айына туура келет жана 100 м3/сек. жетет.
Облустун борборуна чейинки аралык - 25 км, республиканын борборуна чейинки аралык - 367 км.
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык - 187 км, жакынкы аэропортко чейин - 28 км.
Түп районунун аймагы 2121 км2 түзөт. Туруктуу жашаган калк - 65483 адам жана 13894 үй.
Райондун азыркы административдик түзүмү
Азыркы учурда Түп району 13 айыл аймагынан жана административдик борбору Түп айылында жайгашкан 37 айылдан турат:
1) Кудургу (Кичи-Өрүктү а., Ой-Тал а., Ой-Булак а., Кудургу а.);
2) Ак-Булуң (Фрунзе а., Ак-Булуң а., Беловодск а.);
3) Ак-Булак (Ак-Булак а.);
4) Сары-Булак (Күрмөнтү а., Балбай а.);
5) Түп (Түп а., Шаты а., Бирлик а.);
6) Талды-Суу (Талды-Суу а., Ичке-Суу а., Корумду а., Көөчү а.);
7) Чоң-Таш (Чоң-Таш а., Жылуу-Булак а.);
8) Санташ (Байзак а., Кең-Суу а., Сары-Тологой а., Санташ а., Каркыра а.);
9) Карасаев (Тасма а., Чоң-Тогузбай а., Токтоян а.);
10) Арал (Арал а., Миң-Булак а., Долон а., Кош-Дөбө а., Сары-Дөбө а.);
11) Михайловка (Михайловка а.);
12) Ысык-Көл (Ысык-Көл а., Ынтымак а.);
13) Тогуз-Булак (Тогуз-Булак а., Сары-Булуң а.).
13 айыл өкмөтүнүн штаттык саны - 171 муниципалдык кызматкер жана 27 техникалык кызматкер жана кенже тейлөөчү персонал, жалпы эмгек акынын жыйынды фонду 37,6 млн. сом.
Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппараты 14 штаттык бирдиктен турат.
Социалдык-экономикалык абал
2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй түрдө түзүлгөн:
- өнөр-жай продукциясынын көлөмү 413,5 млн. сомду түздү же 13,7%га төмөндөдү;
- мал жана канаттууну союуга багуу 9488,4 т же 2,0%га көбөйгөн, сүт - 53159,4 т же 1,0%га көбөйгөн, жумуртка - 7590,0 миң даанага же 1,2%га көбөйгөн, жүн - 333,4 т же 0,5%га көбөйгөн;
- чекене соода жүгүртүү, анын ичинде сатуунун бардык каналдары боюнча тамак-аш ишканаларынын жүгүртүүсү 698,8 млн. сомго же 21,7%га көбөйгөн;
- көрсөтүлгөн рыноктук кызматтардын көлөмү 265,2 млн. сомду түзгөн же 0,2%га көбөйгөн;
- негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 313,8 млн. сомду түзгөн жана 26%га көбөйгөн;
- экспорттук жеткирүүлөр 223,4 миң АКШ долл. түздү же 7,1%га төмөндөгөн;
- импорттук жеткирүүлөр 780,0 миң АКШ долл. түздү же 2,3 эсеге өскөн;
- орточо айлык эмгек акы 13548 сомду түзгөн же 4,5%га көбөйгөн;
- катталган жумушсуздардын саны 367 адамды түзгөн же 16,3%га төмөндөгөн.
Райондун өнөр жай продукциясынын негизги үлүшү кайра иштетүү өнөр жайынын эсебинен түзүлөт, анда продукциянын көлөмү 400,1 млн. сомду же өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн жалпы үлүшүнүн 96,8%ын түздү.
Түп районунун өнөр жай комплекси "Сүт Булак" жабык акционердик коому, "Күрмөнтү-Транс-Сервис", "Ак-Таш", "Экопродукт", "Салкын" жоопкерчилиги чектелген коомдору орто жана чакан ишканалар сыяктуу ишканалардын ишинин эсебинен түзүлгөн. Анын ичинен 5 ишкана туруктуу, 2 ишкана сезондук иштейт. Райондун аймагында токтоп турган ишканалар жок.
2021-жылы буудайды дүң жыйноо 23,5 миң тоннаны же 2020-жылга салыштырмалуу 49,1%ды түзгөн, арпаны дүң жыйноо 19,4 миң тоннаны же 62,3%ды түзгөн. Муну менен бирге 2020-жылга салыштармалуу картошканы өндүрүү 6,6%га, жашылчалар - 2,0%га көбөйгөн.
2022-жылы Түп районунун айыл аймактарынын бекитилген бюджеттеринин жыйынды суммасы 103,6 млн. сомду, Түп айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин суммасы анча чоң эмес - 34,2 млн. сомду жана Талды-Суу айыл аймагы - 11,4 млн. сомду түзгөн.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Түп районунда өзүн-өзү камсыздаган Түп айыл аймагы гана болуп саналат. 2022-жылы тегиздөөчү гранттардын жыйынды суммасы 16,1 млн. сомду түзөт, бул 2021-жылдын ошол эле мезгилине караганда 10 млн. сомго аз.
II. Аймактарды өнүктүрүүдөгү проблемалар
Азыркы этапта региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу негизинен мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну так уюштуруудан, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн оптималдуу системасын иштеп чыгуудан көз каранды.
Ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн аныктоочу фактору болуп жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн натыйжалуу түзүү жана бюджеттик каражаттарды сарптоого сарамжалдуу мамиле саналат. Кирешелерди түзүүдө пландаштырылган кирешелердин жалпы көлөмүн гана эмес, ошондой эле аймактык менчикти заманбап жана компетенттүүлүк менен башкаруунун, жаңы техниканы жана технологияларды жана кирешелерди жеринде алуунун башка механизмдерин киргизүү жолу менен эмгекти сарамжалдуу пайдалануунун негизинде түзүлгөн кирешелерди да эске алуу зарыл.
Аймактардын ишине жана андан ары кирешелерди алуусуна жана өнүгүү максаттарына жетүү үчүн конкреттүү милдеттерди аткаруусуна түздөн-түз таасир этүүчү аймактын башкаруу түзүмүнүн уюштуруучулук схемасы сыяктуу факторду белгилей кетүү зарыл.
Көпчүлүк айыл аймактарынын аткаруу органдарынын башчыларынын ишин пландоодо негиздүү багыттарынын жана чечимдеринин жоктугу аймактарды мындан ары өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизерин практика көрсөтүүдө.
Көпчүлүк учурларда региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жок же аларда төмөнкүдөй кемчиликтери менен айырмаланары мунун далили болуп саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алсыз кадрдык потенциалынан жана квалификациялуу адистердин жоктугунан улам иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын сапаты төмөн деңгээлде калууда;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары декларативдик статуста, ал тургай социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары тартылган эксперттер тарабынан иштелип чыккан учурда да, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу талаптагыдай деңгээлде жүзөгө ашырылбайт;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында каралган милдеттерди жана чараларды аткарбагандыгы үчүн айыл аймактарынын башчылары конкреттүү жоопкерчилик тартпайт;
- инвестициялык долбоорлорду тартуу жана ишке ашыруу үчүн билимдин, тажрыйбанын жана механизмдердин жоктугу.
Ошентип, бүгүнкү күндө айыл аймактарынын аткаруу органдары жергиликтүү өнүгүүнү пландоо боюнча ишти өз алдынча жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу башкы проблема болуп саналат. Ушуга байланыштуу башкаруучулук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө маселе курч турат, башкача айтканда башкаруу системасын максаттуу куруу башкаруунун бардык деңгээлдеринде экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга түздөн-түз таасирин тийгизет.
II. Максаты жана милдети
Бул Концепциянын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде горизонталдык башкарууну оптималдаштыруу аркылуу Түп районунун административдик бирдиктерин социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү негизги милдеттерди чечүү каралууда:
- райондун административдик-аймактык бирдиктерин ирилештирүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратын башкаруучулук-уюштуруучулук реформалоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык камсыздуулугу;
- аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө максаттуу мамиле.
III. Чаралар
Түп районунда административдик-аймактык реформанын каралып жаткан чаралары мамлекеттик бийликти борбордон ажыратууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин каржылоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен айрым административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүүгө, региондорду өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталууга тийиш.
Белгилей кетсек, Түп районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу пилоттук режимде жүргүзүлөт, натыйжада сунушталган чаралар колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча киргизилген чаралардын оң же терс натыйжасына талдоо жүргүзүлөт жана мыйзамдык жактан бекитүү боюнча тиешелүү сунуштамалар берилет.
1. Райондун административдик-аймактык бирдиктерин ирилештирүү
Бул милдеттин алкагында Түп районунун учурдагы айыл аймактарын географиялык, аймактык, тарыхый, социалдык, экономикалык жана башка факторлорду эске алуу менен ирилештирүү каралууда.
Мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин алкагында айыл аймактарын административдик-аймактык ирилештирүү долбоору даярдалууда, анда Түп районунун азыркы 13 айыл аймагын административдик-аймактык бириктирүү жолу менен 5 айыл аймагын түзүү каралган.
Айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин тиешелүү жыйналыштары өткөрүлүп, анда бириктирүү зарылдыгы жөнүндө маселе талкууланды жана оң чечим кабыл алынды.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратын башкаруучулук-уюштуруучулук реформалоо
Бүгүнкү күндө Түп районунун 13 айыл аймагынын өкүлчүлүктүү органдарынын жергиликтүү кеңештери жалпы 203 депутаттан турат. Колдонуудагы мыйзамдардын ченемдери боюнча айыл аймактарын бириктирүү Түп районунун 13 айыл аймагынын бардык жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таркатууга алып келет. Айыл аймактарды бириктирүү пилоттук режимде ишке ашырылып жаткандыктан (убактылуу мүнөзгө ээ, мыйзам менен бекитилбейт), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кайра уюштуруунун натыйжасында жергиликтүү кеңештердин мурда шайланган депутаттарын таркатпоо сунушталууда.
Милдет жергиликтүү бийлик органдарынын адам жана финансылык ресурстарды башкарууда, региондордун өнүктүрүү программаларын аныктоодо жана ишке ашырууда өз алдынчалыгын жогорулатууну карайт.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги милдеттерди өз алдынча чечүү боюнча зарыл болгон ыйгарым укуктар менен камсыз кылууну талап кылат.
Калктуу конуштарды өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды, аймактар аралык алсыз байланыштарды жана ресурстардын адилеттүү концентрациясын эске алуу менен региондун экономикалык өнүгүүсүн чечүүгө багытталган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарынын деңгээлинде аймактык башкаруунун оптималдуу модели зарыл. Башкаруунун деңгээлдеринин ортосундагы региондун өнүгүүсүн создуктурган жана райондун экономикасынын өсүшүнүн экономикалык мотивдерин жокко чыгарган калк үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн төмөн деңгээлин түзгөн башкаруу ажырымдарын аныктоо жана жоюу.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн жогоруда белгиленген бириккен айыл аймактарынын алкагында төмөнкү чараларды ишке ашыруу сунушталат:
- Түп районунун айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин учурдагы депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары деп аныктоо;
- Түп районунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарында иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлерди ишке орноштурууну камсыз кылуу;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды толук жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы түзүмдү, штаттык санды жана Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдары жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү;
- бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдары менен макулдашуу боюнча тиешелүү финансылык камсыз кылуу менен бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды этап-этабы менен өткөрүп берүү;
- бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;
- бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына сугат жерлерине ээлик кылуучу жана пайдалануучу жактарга келишимдик шарттарда ички чарбалык сугат системасын эксплуатациялоо, күтүү жана суу бөлүштүрүү укугун өткөрүп берүү;
- айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке уюмдарга аутсорсингге берүү.
3. Финансылык камсыздуулук
Көрсөтүлгөн милдеттин алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өнүктүрүү үчүн биригип жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына олуттуу мамлекеттик финансылык колдоо сунушталат.
Түп районунун калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн тиешелүү финансылык каражаттар керек. Бүгүнкү күндө 13 айыл аймагынын 12си (Түп айыл аймагынан башкасы) республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттарды алышат (2022-жылы бардык 13 айыл аймак үчүн дотациялардын деңгээли жалпысынан 16,1 млн. сомду түздү). Буга байланыштуу биринчи кезекте бириккен айыл аймактарын жергиликтүү жамааттын демилгелерин, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн каражаттарды карап, дотациялык камсыз кылуудан чыгаруу зарыл.
Ошентип, бул демилгелерди ишке ашыруу пилоттук режимдин мезгилинде төмөнкү чаралардын алкагында жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүп берүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүн эки эседен кем эмес көбөйтүү;
- Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- Түп районунун өнүктүрүү фондунун бюджетин эки эседен кем эмес өлчөмдө көбөйтүү;
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан Түп районунун долбоорлорун каржылоого жылдык квотаны көбөйтүү;
- Түп районунун фермерлеринин реалдуу финансылык муктаждыктарынан улам "Айыл чарбасын каржылоо" программасынын алкагында айыл чарбасына жеңилдетилген кредит берүүгө кошумча каражаттарды бөлүү.
4. Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө максаттуу мамиле
Орто мөөнөттүү мезгилге бекитилген финансы булактары менен максаттуу аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын максаттуу иштеп чыгуу калктуу конуштарды натыйжалуу өнүктүрүү жана пландоо үчүн башкы зарылчылык болуп саналат.
Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
- пилоттук долбоордун аягында бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- 2023-2024-жылдарга республикалык бюджетте тиешелүү финансылык каражаттарды кошумча кароо менен ушул Концепциянын милдеттерин жана калктуу конуштарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш-чараларын ырааттуу ишке ашырууну караган 2023-2024-жылдарга иш-аракеттер планын иштеп чыгуу;
- зарыл болгон коммуникациялык инфраструктурасы бар жер участогун аныктап, өнөр жай зонасын уюштурууну кароо;
- райондун кластердик потенциалын жана адистешүүсүн эске алуу менен бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- Түп районунун жер ресурстарын талдоо жана заманбап өндүрүш технологияларын пайдалануу менен өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- социалдык инфраструктураны куруу жана реабилитациялоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация, жол жана энергетика инфраструктурасы чөйрөсүндөгү долбоорлорду аныктоо;
- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- Түп районунун калкынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга, транспорттук байланышка, интернетке жетүүгө, банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо чөйрөсүндө санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылуу;
- Түп районунун Калкты тейлөө борборунун базасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы моделин иштеп чыгуу жана аны пилоттук режимде ишке киргизүү;
- калкты социалдык коргоону камсыз кылуу максатында жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегин кайра кароо жана аныктоо.
IV. Күтүлүүчү натыйжалар
Сунуш кылынган вариантта Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү төмөнкүдөй негизги натыйжаларды камсыз кылууга тийиш:
- бирдиктүү өнүктүрүү саясатын пландоо жана ишке ашыруу, айыл аймактарынын санын оптималдаштыруу аркылуу артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын жогорулатуу;
- айыл аймактарынын иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын сапатын жогорулатуу;
- ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айыл аймактарынын аткаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн айыл аймактарынын аткаруу органдарынын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы муниципалдык проблемалуу маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн, анын ичинде биргелешкен муниципалдык ишканаларды түзүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
- жергиликтүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өз ара аракеттенүүсүндө коммуникациялык натыйжалуулукту жогорулатуу, ошондой эле жумушта убактылуу жана бюрократиялык чыгымдарды азайтуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
- кызматка компетенттүү адистерди тартуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- социалдык мекемелерди куруунун жана реабилитациялоонун эсебинен жергиликтүү калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- жергиликтүү калкка социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен инвестициялык климатка жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү.
V. Тобокелдиктер
Түп районунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн сунушталган модели белгилүү бир тобокелдиктер менен коштолот. Алардын кыйла маанилүүсү болуп коомдун айрым топторунун реформаларга жана жаңы мамилелерге каршылыгы саналат. Мыйзамдык тобокелдиктер бул Концепцияны ишке ашырууда келип чыгуучу негизги тоскоолдуктардын бири болуп саналат. Пилоттук долбоордун мезгилинде реформа республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды көбөйтүүнү талап кылат (атын өзгөртүү, кайра уюштуруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана башка), ал натыйжалуу курулган башкаруу схемасынын жана региондун экономикасын өнүктүрүүнүн эсебинен компенсацияланат.
Мүмкүн болуучу проблема кадрлардын, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин жаңы системадагы иштин талаптарына тиешелүү даярдануу деңгээлинин шайкеш келүүсү болот. Жашоону камсыздоо системасынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасынын иштешин башкаруу маселелеринде сезилерлик тобокелдик жок, бирок сунушталган пилоттук долбоордун алкагында жаңы системага өтүүдө тигил же бул мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө убактылуу үзгүлтүккө учуроолор болушу мүмкүн.
VI. Ишке ашыруу механизми, мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Бул Концепцияны практикалык ишке ашыруу конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды, каржылоонун суммаларын жана аткаруу мөөнөттөрүн аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деталдуу иш-аракеттер планын кабыл алуу жана аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Концепцияны ишке ашырууну координациялоо, процесске мониторинг жүргүзүү жана баалоо Түп райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ