Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 30-январы ПЖ № 14
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө
Сауд Аравиянын негиздөөчүсү жана биринчи Королу Абдулазиз бин Абдурахман Аль Сауддун Сауд Аравия Королдугун түптөө ишинде тарыхый ролун жана көрүнүктүү мамлекеттик эмгегин көңүлгө алуу менен, ошондой эле кыргыз-сауд достугун бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |