КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-апрели ПЖ № 108 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына жана жакын чөйрөсүнө таандык мүлктөр менен байланышкан маселелер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.
2005-жылдын 25-майындагы ПЖ № 199 жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевдин, анынүйбүлө мүчөлөрүнүн жана жакын туугандарынын айрымдарынын жоктугун эскеалуу менен аларга таандык мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатын-да, ошондой эле аларды сатып алуу боюнча өлкөнүн калкында пайда болгонмаселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптечечүү үчүн токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анынүйбүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык кыймылдуу жана кый-мылсыз мүлктөрдү аныктоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнчамамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) № 1 тиркемегеылайык курамда түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анынүйбүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык Кыргыз Республикасын-дагы жана андан тышкары жерлердеги текшерүүгө жаткан кыймылдуу жанакыймылсыз мүлктөрдүн болжолдуу тизмеси (мындан ары - Тизме) № 2 тирке-меге ылайык бекитилсин. 3. Мамлекеттик комиссия эки айлык мөөнөттө аткарылган иштержөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирсин. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.
2005-жылдын 25-майын-дагы ПЖ № 199 жарлыгынын редакциясына ылайык) 4. Мамлекеттик комиссияга алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүнкоомдук башталышта көзкарандысыз эксперттерди жана адистерди белгилен-ген тартипте тартууга уруксат кылынсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - өзгөчө буйрук болмоюнча жазык өндүрүшүндө турган иштерге тиешесибар мүлктөрдөн тышкары Тизмеде көрсөтүлгөн мүлктөрдүн сакталышын камсызкылсын; - өзгөчө буйрук болмоюнча Тизмеде көрсөтүлгөн субъекттердин баалуукагаздары менен бүтүмдөрдү жүргүзүүнү токтотуп турсун; - Мамлекеттик комиссия ишин аяктаганга чейин Тизмеде көрсөтүлгөнюридикалык жактарды, ошондой эле алардын катышуусу менен түзүлгөн юри-дикалык жактарды каттоону жана кайра катnоону убактылуу токтото турсун; - Мамлекеттик комиссия тийиштүү чечим кабыл алганга чейин Тизмедекөрсөтүлгөн мүлк менен бүтүм жасоо менен байланышкан укук белгилөөчүдокументтерди (анын ичинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу, кайра та-риздөө, арендага берүү жана менчик укуктарынын өтүп кетишине алып келетурган бүтүмдүн башка түрлөрү жөнүндө маалымкаттарды жана документтер-ди) берүүнү убактылуу токтото турсун; Мамлекет катышкан Тизмеде көрсөтүлгөн юридикалык жактардын жетекчиоргандарында кадрдык алмашууларга убактылуу тыюу салсын. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктаракча каражаттарын Кыргыз Республикасынан сырткары которууга, ошондойэле Тизмеде көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин, ошондой элеА.А.Акаевге жана анын үйбүлө мүчөлөрүнө туугандык байланышта турган же-ке жактардын бардык эсеп-кысаптары боюнча башка акча операцияларыначектөө койсун. 7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Д.Т.Үсөнов-го жүктөлсүн. 8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттеринин аткаруучу К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 108 Жарлыгынын № 1 тиркемеси Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ Үсөнов Данияр - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минист- Токтогулович ринин милдеттерин аткаруучу, комиссиянын төрагасы; Турдумамбетов Турсун - Кыргыз Республикасыныны Мамлекеттик мүлктү Осмоналиевич башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруучу, комисси- янын төрагасынын орунбасары. Комиссиянын мүчөлөрү: Абдылдаев Мыктыбек - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри- Юсупович нин милдеттерин аткаруучу; Бекназаров Азимбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Анаркулович милдеттерин аткаруучу; Байматова Кымбат - Бишкек шаарынын "Арча-Бешик" туракжай кону- Солтонбековна шунун тургуну (макулдашуу боюнча); Жапаров Акылбек - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин Үсөнбекович милдеттерин аткаруучу; Жолдошев Адамжан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору; Исмаилова Төлөкан - "Коррупцияга каршы жарандык коом" ӨЭУнун төрайымы (макулдашуу боюнча); Ким Александр - "МСН" коомдук-саясий газетасынын башкы ре- Александрович дактору (макулдашуу боюнча); Момунов Мамат - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Ом- Аманович будсменинин) орунбасары; Мамыров Эркинбек - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Тобокелович милдеттерин аткаруучу; Ниязов Мирослав - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин Жумабекович катчысы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү минист- ринин милдеттерин аткаруучу; Сарбанов Улан - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кытайбекович төрагасы; Силизовский Анатолий - Бишкек шаарынын бириичи вице-мэри; Павлович Шерниязов Болотбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эсентаевич Төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча). Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 108 Жарлыгынын № 2 тиркемеси Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык Кыргыз Республикасындагы жана андан тышкары жерлердеги текшерүүгө жаткан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн болжолдуу тизмеси 1. "Берекет" соода борбору 2. "Мадина" соода борбору 3. Эларалык "Мээрим" кайрымдуулук фондунун объекттери 4. Кант цемент-шифер заводу 5. Кадамжай сымап комбинаты 6. Каыйњды кант заводу 7. Карабалта спирт заводу 8. "Манас аэропорту" акционердик коому 9. "Кыргызалко" акционердик коому 10. "ШНОС" бензин куюу тармактары 11. "МИС" ЖТАК 12. "Аалам Сервис" ЖТАК ("Бишкек" ЭЭЗ) 13. "КООРТ" телеканалы 14. "Вечерний Бишкек" газетасы 15. "Айрек" жарнамалык агентствосу 16. "Love radio" радиостанциясы 17. "Кыргызинфо" маалымат агентствосу 18. "Норус" тоодо лыжа тебүү базасы 19. "Энергобанк" 20. "Альянс" УКнун автомобилге май куюу тармактары 21. "БИТЕЛ" уюктук тармагы 22. "Fоnех" уюктук тармагы 23. "Ысыккөл" ("Аврора") санаторийи 24. "Кыргыз дењизи" санаторийинин аймагындагы жер участкасы 25. "Гүлкайыр" пансионаты 26. "Silk Way" соода үйү 27. "Irish РuЬ" рестораны 28. "Манчестер" рестораны 29. "First" дискоклубу 30. "STARS" рестораны 31. "Народный" супермаркеттер тармагы 32. "Бишкек" мейманканасы 33. "Темир" мамлекеттик ишканасы 34. "Кумтөр" акционердик коому 35. "Элкат" ЖТАК 36. "Пирамида" телеканалы 37. "НБТ" телеканалы 38. "SPA studio" сулуулук салону 39. Токмоктогу "Интерглас" айнек заводу 40. "Барат-Мерседес" станциясы 41. Жалалабат пахта заводу 42. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин коомдук китепканасыжана анын жеке архиви" мекемесинин курулушу аяктай элек имараты.