Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-ноябры ПЖ № 365
А.Н.Кудайбергенов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н.Жапаров |