Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштерибоюнча Улуттук агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти түзгөн мамлекеттик координациялык орган болуп саналат. 2. Агенттиктин ишинин негизги багыттары болуп жергиликтүү өзалдын-ча башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдарынын ортосунда өзара аракеттенүүнүн жана функциялардыбөлүштүрүүнүн оптималдуу системасын иштеп чыгуу, жергиликтүү өзалдынчабашкаруунун укуктук негиздерин өркүндөтүү, анын финансылык жана матери-алдык базасын чыњдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүүжамааттарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жо-лу менен мамлекеттик башкарууну демократиялаштыруу чөйрөсүндө мамлекет-тик саясатты жүзөгө ашыруу саналат. 3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жанамыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчи-ликке алат. 4. Агенттиктин өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылганжана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн тегерек мөөрүболот. II. Агенттиктин функциялары жана ыйгарым укуктары 5. Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну децентралдаштыру-унун жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн негизги багыт-тарына ылайык Агенттик төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым укуктардыжүзөгө ашырат. - мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, жер-гиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башка материалдар-ды, анын ичинде мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу, мамлекеттикбийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун функцияларын ажыратуу,Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү,бюджеттер аралык мамилени өркүндөтүү маселесин иштеп чыгат жана КыргызРеспубликасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ка-роосуна киргизет; - мамлекеттик жана улуттук программаларды жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансылык-экономикалык негиз-дерин чыњдоо боюнча башкача чаралардын комплексин иштеп чыгуу жанажүзөгө ашыруу жолу менен жергиликтүү өзалдынча башкарууну реформалообоюнча ишти уюштурат; - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-ры, эларалык уюмдар, коомдук бирикмелер менен биргелешип аракеттенетжана жергиликтүү өзалдынча башкаруу маселеси боюнча алардын ишин коор-динациялоону камсыз кылат; - мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарынынжергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өзара мамилесинөнүктүрүүнү жана алардын биргелешкен ишин талдайт жана мониторингжүргүзөт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына уюштуруу, методикалыкжана консультациялык, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын уставдарынынкүчүн жогорулатуу, калкты аймакты өнүктүрүү боюнча ишке тартуу маселе-синде жардам көрсөтөт жана жарандык коомдун потенциалын жогорулатуугакөмөктөшөт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселеси бо-юнча маалыматтар банкын түзөт; - муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо системасын түзүү жа-гында ишти уюштурат, "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын
Мыйзамын жүзөгө ашыруу маселесинде методикалык жетекчилик кылат,белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде бул Мыйзамдын Жоболорун жүзөгөашыруу боюнча функцияларды жүргүзөт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарындагы иштин абалыниликтөө, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамда-рынын талаптарын, ага берилген ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республи-касынын Президентинин Жарлыктары менен буйруктарын, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун аткарышын иликтөө боюнча ишжүргүзөт; - аймактардын стратегиялык пландарын башка социалдык-экономикалыкөнүктүрүү программалары менен пландарын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашы-рууда жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт, жерги-ликтүү жамааттарды инвестициялоонун программаларын жана долбоорлорунжүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт, ушул максатта эларалык жана өкмөттүкэмес уюмдар менен биргелешип аракеттенет; - жергиликтүү өзалдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кепилдигин талап кылбаган инвесторлордуиздөө, гранттарды жана кредиттерди тартуу максатында эларалык жана баш-ка четөлкөлүк уюмдар менен кызматташат; - айылдардын, поселкалардын жана шаарлардын жергиликтүү өзалдынчабашкаруусунун башчыларын жана жергиликтүү кењештердин депутаттарын шай-лоону өз убагында уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын чегинде өз ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча жергиликтүү өзал-дынча башкаруунун башчыларынын жергиликтүү жамаатардын курултайына от-чет бериши боюнча ишин координациялайт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик баш-каруу органдарынын ортосунда, жергиликтүү өзалдынча башкаруунунөкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосунда, ошондой эле ар кандайаймактык дењгээлдердеги жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын ор-тосундагы келип чыккан талаш кырдаалды өз компетенциясынын чегинде ка-райт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана алардын жетекчилеринин укукка кар-шы аракеттерине жергиликтүү жаматтардын мүчөлөрүнүн даттанууларын жанаарыздарын карайт жана текшерет. III. Агенттиктин ишин уюштуруу 6. Агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-нан дайындалат жана бошотулат. Директордун Кыргыз Республикасынын Президенти директордун сунушубоюнча дайындай турган эки орунбасары, анын ичинде бир биринчи орунба-сары болот. 7. Агенттикте коллегия түзүлөт. Директор жана анын орунбасарларыкызматы боюнча коллегиянын курамына кирет. Коллегиянын калган курамы(сапаттык жана сандык) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынананыкталат. Коллегиянын ишин уюштуруунун жана маселелерди кароонун тар-тиби коллегиянын курамы кабыл алган регламент менен аныкталат. Коллеги-янын ишине Агенттиктин директору, ал жок болгон учурда анын орунбасар-ларынын бири башчылык кылат. Коллегия Агенттиктин функциялык компетен-циясына байланыштуу, жамааттык талкуулоону талап кылган маселелерди ка-райт. 8. Агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик кызмат жөнүндө КыргызРеспубликасынын мыйзамында каралган тартипте директордун буйругу мененкызматка дайындалат жана бошотулат. 9. Агенттиктин директору жыл сайын Агенттиктин иши жөнүндө КыргызРеспубликасынын Президентине отчет берет. 10. Агенттиктин директору: - Агенттиктин ишин уюштурат жана анын ишине жетекчилик кылат; - Агенттиктин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт,аларга тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышынаконтролдук кылат, аларга карата сыйлоо же жазалоо чараларын көрөт; - Кыргыз Республикасынын
Конситуциясына жана мыйзамдарын, КыргызРеспубликасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтоктомдорунун негизинде жана аны аткаруу иретинде Агенттиктин чечиминчыгарат; - Агенттиктин буйруктарына жана анын коллегиясынын чечимине колкоет; - мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентининөкүлү катары жергиликтүү кењештердин жыйналыштарына жана сессияларынажана элдик Курултайга катышууга укуктуу, аларда мамлекеттин жана жерги-ликтүү жамааттардын таламдарына тиешелүү бардык маселелер боюнча кењешберүү добуш укугу менен сөз сүйлөйт; - жергиликтүү өзалдынча башкаруу оргынанын башчысы Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарын бузган учурда аны ээлеген кызматынан бошотуужөнүндө жергиликтүү кењештин сессиясына сунуш киргизет. IV. Агенттиктин ишин токтотуу 11. Агентиктин иши анын кайра уюшулгандыгына же жоюлгандыгына бай-ланыштуу токтотулат. Агенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жүргүзүлөт. 12. Агенттик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон до-кументтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.