Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 20-февралы ПЖ № 29
«Бир айыл - бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө
«Бир айыл - бир продукт» долбоору (мындан ары - БАБП долбоору) өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан. Японияда БАБП долбоорун ишке ашыруу калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон.
БАБП долбоорунун концепциясы тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат. БАБП долбоорунун үч принциби бар: 1) өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк; 2) адам ресурстарын өнүктүрүү; 3) жергиликтүү ой жүгүртүү, бирок глобапдуу аракеттенүү.
БАБП долбоору жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүүнү, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу учүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү көз карашынан алганда өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт.
Кыргыз Республикасында БАБП долбоору бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү жана өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытай Эл Республикасына, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстан Республикасына экспорттоодон пайда алуу түрүндө он натыйжаларды көрсөтүүдө.
Алдан аркы натыйжаларга жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын. фонддордун, академиялык чөйрөнүн, ассоциациялардын, бизнес-сектордун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. БАБП долбоорун сапаттуу масштабдоо жана продукцияны анын концепциясы пайда болгон учурдан тартып акыркы керектөөчү сатып алганга чейин илгерилетүү Кыргыз Республикасынын экономикасынын мультипликативдик өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасынын ар бир айылы, шаары, району, облусу экспортко багыт алуу менен өзүнүн бир багыттагы адистешүүсүнө ээ болууга жана бизнести башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кооперацияланууга тийиш.
Жергиликтүү коомчулуктардын туруктуу ишине, жумуш орундарын түзүүгө, кирешелүү продукцияны өндүрүүгө жана эл аралык рынокторго экспорттоого өзгөчө басым жасоо менен БАБП долбоорун жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститупиясынын 70 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. БАБП долбоору Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук экономикалык долбоор катары ишке киргизилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзсүн;
- үч айлык мөөнөттө 2026-жылга чейин БАБП улуттук экономикалык долбоорун ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- үч айлык мөөнөттө БАБП улуттук экономикалык долбоорунун катышуучулары үчүн региондорду өнүктүрүү фонддорунан финансылык каражаттарды бөлүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрсүн;
- БАБП улуттук экономикалык долбоорунун продукциясын Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү протоколдук иш-чараларында пайдалансын;
- БАБП улуттук экономикалык долбоорун илгерилетүү жана ишке ашыруу процессине тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну уюштурсун;
- БАБП улуттук экономикалык долбоору жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын калкынын арасында туруктуу негизде жайылтсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары БАБП улуттук экономикалык долбоорун илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдү аныктасын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 24-февралында № 14(3463) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |