Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 20-февралы ПЖ № 30
Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгын майрамдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы туулган күнүнүн 80 жылдыгын майрамдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аталган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Байсалов Эдиль Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Коргонбай уулу Жусупбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Миталип | - | Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча); |
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Иманбетов Илияз Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Нарбеков Бакытбек Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Алымбаев Нурил Джайылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Джетигенов Бакытбек Дженишбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Догдурбеков Эрлан | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча). |