Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 14-марты ПЖ № 56
Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө
Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу жана башаламан соода жүргүзүү кырдаалын тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бирок мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн иштерге карабастан, Кыргыз Республикасынын жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен автомобиль жолдорунун аталган участокторунда Кыргыз Республикасынын жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын эске албастан жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу жана жайгаштыруу практикасы улантылууда.
Ошол эле учурда автомобиль жолдорунда жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууга бөгөт коюу жана уруксатсыз соода жүргүзүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн, анткени бул соңку жылдардагы курч проблемалардын бири болуп саналат. Атап айтканда, жол боюндагы тейлөө объекттерин алар үчүн арналбаган жерлерде мыйзамсыз уюштуруу жана жайгаштыруу калктын ден соолугуна коркунуч келтирет, алсак мисалы, сезон келгенде аталган участоктордо мөмө, жемиш, балык жана башка тамак-аш азыктарын сатуучулар пайда болот, сатылып жаткандар жол боюндагы чаңды жана машиналардан чыккан түтүндөрдү өзүнө сиңирип алат, бул алардын сапатына таасирин тийгизет жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет.
Мындан тышкары аталган мыйзамсыз иш-аракеттер жалпысынан жол кыймылынын бардык катышуучуларына, анын ичинде эреже бузуучулардын өздөрүнө коркунуч туудурган жагдайларды жаратат, анткени товар сатып алууну каалаган айдоочулар авариялык жагдайды жаратуу менен жол берилгис маневрларды (бурулууларды) жасайт, тыюу салынган жерлерде токтойт, жолдун жүрүү бөлүгүнүн башка тарабына чыгат.
Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) уруксатсыз соода жүргүзүүнү кошо алганда, жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу боюнча ишке бөгөт коюу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун (мындан ары - автомобиль жолдору) жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) Кыргыз Республикасынын жол жана шаар куруу документтери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жол боюндагы тейлөө объекттерин (соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын ж.б.) (мындан ары - жол боюндагы тейлөө объекттери) уюштурууга жана жайгаштырууга тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- автомобиль жолдорунун жээгине (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну токтотуу жана жол бербөө боюнча иштерди күчөтсүн;
- жол боюндагы тейлөө объекттерин жайгаштыруу үчүн автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) уруксат берүү боюнча иштерди тартипке келтирсин;
- автомобиль жолдорунун жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөөгө жана бөгөт коюуга, ошондой эле аталган жерлерге уруксат берүүгө туруктуу контроль жүргүзсүн;
- жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамсыз жайгаштырылган жол боюндагы тейлөө объекттеринин ишин токтотуу жана жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- алдын алуу иштерин активдештирсин жана мындан ары Кыргыз Республикасынын жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузган жактар менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жер жана жол мыйзамдарында белгиленген тартипте автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерди (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) мыйзамсыз пайдалануу фактылары боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Жол мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу менен автомобиль жолдорунун жерлеринде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) курулган жол боюндагы тейлөө объекттери аныкталган учурда, аталган объекттер Кыргыз Республикасынын жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте бузулууга тийиш деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо менен жол боюндагы тейлөө объекттерин курууга долбоордук документтерди макулдашуу жана (же) берүү жол-жобосун контролдоону күчөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) уруксат документтерин берүүгө тыюу салуу;
- жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жерлерге түзүлгөн бардык ижара келишимдерин бузуу;
- автомобиль жолдорунун жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз уюштурууну жана жайгаштырууну алдын алуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жол мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин, анын ичинде сооданы мыйзамсыз уюштуруунун жана жайгаштыруунун кооптуулугу жана ага жол бербөө жөнүндө калк/жеке жана юридикалык жактар менен түшүндүрүп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
7. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзсүн:
- жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) берилген укук белгилөөчү (ырастоочу) документтердин жана уруксаттардын мыйзамдуулугуна;
- тиешелүү органдардын Кыргыз Республикасынын жол мыйзамдарынын талаптарын сактоосуна.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын жол мыйзамдарын аткаруусун контролго алсын.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 17-мартында № 20(3469) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |