Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 24-марты ПЖ № 66
Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруунун натыйжасында алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, түзүмүн жана функцияларын өркүндөтүү, мамлекеттик кызматчылардын ишинин сапатын жакшыртуу ишинде белгилүү бир максаттар жетишилди. Министрликтерде, мамлекеттик комитетте, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында функциялык талдоонун жыйынтыгы боюнча бири бирин кайталаган түзүмдөр жоюлду жана кыскартылды.
Ошону менен бирге мамлекеттик башкаруунун сапатына жана натыйжалуулугуна карата коомдун өсүп жаткан талаптары жана жаңы реалдуулуктар бүгүнкү күндө мамлекеттик аппаратты жана аны күтүүгө каражаттарды кыскартууга, мамлекеттик органдардын ишине жаңы башкаруу технологияларын киргизүүгө багытталган чараларды көрүү зарылдыгын таңуулоодо. Ушуга байланыштуу аткаруу бийлигинин органдарынын ишин оптималдаштыруу жана алардын ишинин натыйжалуу механизмдерин түзүү зарылдыгы дайыма келип чыгууда.
Администрациялык реформаны андан ары улантуу, мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу системасынын бири бирин кайталаган звенолорун жоюу, мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдарды кыскартуу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, мамлекеттик башкаруунун социалдык багытын күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- атайын жүктөрдү жана жөнөтүүлөрдү ташуу, аларды кайтаруу, атайын байланыш маршруту боюнча коопсуз ташууну жана аларды жеткирүүнү камсыз кылуу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасын тиешелүү штаттары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары, имараттары жана курулмалары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин;
- алты айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |