Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 23-марты ПЖ № 65
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасы жана уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин бланктарын даярдоочулар болуп аныкталсын.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |