Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-марты ПЖ № 71
А.А.Давлетов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Давлетов Айбек Абубакирович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |